6-январь: Кудайдын эрки – биздин Ага жакындашыбыз

Jakshy Kabar Media

6-январь: Кудайдын эрки – биздин Ага жакындашыбыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайга таза жүрөк жана бекем ишеним менен жакындайлы».

Эврейлер 10:22

Бул аятта бизге Кудайга жакындашыбыз керектиги айтылат. Эврейлерге жазылган каттын авторунун негизги максаты же чоң каалоосу – биздин Кудайга жакындашыбыз, Аны менен мамилелешибиз, Андан алыс болгон жашоого ыраазы болбошубуз.

Кеп Кудайга денелик иш аркылуу жакындоо жөнүндө болгон жок. Кеп асманга барып калыш үчүн, Бабыл мунарасын куруу сыяктуу чоң ийгиликтерге жетүү жөнүндө болгон жок. Кеп сөзсүз жыйын имаратына барыш керектиги же элдин алдына чыгып тобо кылыш керектиги жөнүндө болгон жок.

Кеп көзгө көрүнбөгөн жүрөгүбүздүн бир иши жөнүндө болуп жатат. Муну эч бир кыймыл аракет жасабай турган маалда да же ооруканада керебетте жатканда да же коомдук транспорт менен жумушка бара жаткан жолдо да кылсаңыз болот.

Жакшы Кабардын маңызы ушунда! Ыйсанын Гетсемани багында жана адамдардын колуна салынып берилген түнү жасаган ишинин маңызы мына ушунда: Кудай Өзү бизге жакындаш үчүн укмуштуу жана баасы кымбат болгон иштерди жасады. Биз Анын Уулу аркылуу Ага жакындай алышыбыз үчүн, Ал Өз Уулун биз үчүн азап чексин жана өлсүн деп жөнөттү. Ал Өзүнүн улуу куткаруу планынын алкагында кандай гана иш кылбасын, анын баарын бизди Өзүнө жакындатыш үчүн жасады. Ал эми Ага жакындоо бизди кубанычка бөлөйт жана Аны даңктайт.

Кудай бизге муктаж эмес. Биз Ага жакындабай койсок, Анын бир жери кемип калбайт. Үчилтиктин ичиндеги мамиледе бакыт болушу үчүн, Кудай бизге муктаж эмес. Бирок Ал биздин күнөөкөр болгонубузга карабай Өз Уулу аркылуу биздин жаныбызга толук канааттануу бере алган Чындыкка, б.а. Өзүнө жол ачуу аркылуу Өзүнүн ырайымын көрсөттү. «Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал» (Забур 15:11).

Ушул насаат сөздү угуп жатканыңызда да Кудайдын сизге карата болгон эрки – сиздин Ага жакындашыңыз. Машаяк ушуну ишке ашыруу үчүн курман болгон.

«Кудайга жакындайлы» насааттан үзүндү.