31-декабрь: Өлүмдүн репетициясы, же Өлүмдү алдын ала элестетүү

Jakshy Kabar Media

31-декабрь: Өлүмдүн репетициясы, же Өлүмдү алдын ала элестетүү

Жон Пайперден насаат сөз

«Сен аларды сел алгандай алып кетесиң. Алардын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде чабылып, кургап калган чөп сыяктуу. Анткени биз Сенин каарыңдан жок болобуз, Сенин жаалыңдан дүрбөлөңгө түшөбүз. Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт».

Забур 89:6-7, 12

Мен үчүн жылдын аягы өмүрүмдүн аягы сыяктуу. Ал эми 31-декабрь саат 11:59 менин көзүм үзүлгөн убакыттай. Бир жылдын 365 күнү кичинекей бир өмүр сыяктуу. Ал эми жылдын акыркы сааттары дарыгер мага өлүшүмө абдан аз убакыт калганын айткан өмүрүмдүн акыркы күндөрү сыяктуу. Өмүрүмдүн ушул акыркы сааттарында жашап өткөн бүт өмүрүм көз алдымдан өтөт жана сөзсүз жооп беришим керек болгон суроо туулат: Мен өмүрүмдү жакшы жашадымбы? Акыйкаттуу Сот Ыйса Машаяк мага: «Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул!» – деп айтабы (Матай 25:21)?

Жыл ушундай ойлонгонго мүмкүнчүлүк болгондой аяктаганы үчүн өзүмдү бактым бардай (жолум болгондой) сеземин. Сиз үчүн да жылдын аягы ушундай маанилүү убак болсун деп сыйынамын.

Өзүмдү бактым бардай (жолум болгондой) сезгенимдин себеби өзүмдүн өлүмүмдү элестетип, өзүмдүн үстүмдөн соттук териштирүү жүргүзгөнгө чоң мүмкүнчүлүгүм бар болгонунда. Ар жылдын аягында өмүрүбүз аяктаганын элестетип, анын чындап аякташына даярданганга чоң мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул чоң мүмкүнчүлүк, себеби 1-январда эртең менен көпчүлүгүбүз дагы эле (Кудай буюрса) тирүү болобуз жана жаңы жашоого кадам таштап, жашообузду жаңыдан жашаганга мүмкүнчүлүк алган болобуз.

Репетициянын, же алдын ала элестетүүнүн эң пайдалуу жери өзүбүздүн алсыз жана жакшы даяр болбогон жерлерибизди алдын ала көргөнгө мүмкүнчүлүк алганыбызда. Репетициялар элдин алдына сахнага чыгып өз ролдорубузду чындап ойноп баштаганга чейин кемчиликтерибизди оңдоп алганга убакыт жана мүмкүнчүлүк берет.

Арабыздагы кээ бир адамдар үчүн өлүм жөнүндө ойлонуу ушунчалык оор, коркунучтуу, кайгылуу жана жүрөк оорутуучу болсо керек, андыктан айрыкча жылдын аягындагы майрам күндөрү өлүм жөнүндө такыр ойлобогонго аракет кылсак керек. Менимче мындай кылуу акылдуу иш эмес, тескерисинче өзүбүзгө чоң зыян тийгизет. Мен бир нерсени түшүндүм: өзүмдүн өлүмүм жөнүндө кез-кезде ой жүгүртүп туруу жашоомдо чоң өзгөрүүлөрдүн болушуна өбөлгө түзөт экен. Жашоомо мынчалык катуу таасир берген нерселер өтө аз.

Эң туура жашаганды билишибиз үчүн, акылман жүрөккө кантип ээ болсок болот? Забурчу мындай деп жооп берет:

«Сен аларды сел алгандай алып кетесиң. Алардын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде чабылып, кургап калган чөп сыяктуу. Анткени биз Сенин каарыңдан жок болобуз, Сенин жаалыңдан дүрбөлөңгө түшөбүз. Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт» (Забур 89:6-7, 12).

Өлө турганыбыз жөнүндө ойлонуу (б.а, күндөрүбүздү саноо), жөнөкөй сөз менен айтканда, өмүрүбүз кыска экенин жана анын аягы тез эле келип каларын унутпоо дегенди билдирет. Ушул жөнүндө кез-кезде ой жүгүртүп туруу чоң акылмандыкка – жашообузда ынкылаптык өзгөрүүлөрдү жараткан акылмандыкка үйрөтөт.

Пабыл өзүнүн жашоосун ийгиликтүү болгонун болбогонун таразалоо үчүн ишенимин сактап калдыбы же жокпу, ошону текшерген. «Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым. Азыр болсо мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат. Адилет Сот – Теңир аны мага ошол Күнү берет, мага эле эмес, Анын келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баарына берет» (2 Тиметей 4:7-8). Биз да жылдын аягында өзүбүздү ушундай текшерели.

Эгерде бул аяктап бараткан жылы ишенимибизди сактабаган болсок, бул жыл өмүрүбүз чындап аяктабай эле, жөн эле репетиция кылып (өмүрүбүздүн аягын жөн эле элестетип) жатканыбыз үчүн сүйүнсөк болот, себеби кийинки жаңы жылда ишенимибизди сактаганга дагы бир өмүрлүк мүмкүнчүлүк алабыз.

«Мен ишенимимди сактадым» насааттан үзүндү.