30-декабрь: Кудай каражат менен камсыз кылат жана жөндөм берет!

Jakshy Kabar Media

30-декабрь: Кудай каражат менен камсыз кылат жана жөндөм берет!

Жон Пайперден насаат сөз

«Койлордун улуу Кайтаруучусун – биздин Теңирибиз Ыйса Машаякты түбөлүк келишимди ырастаган кан менен тирилткен, тынчтыктын булагы болгон Кудай Өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Ыйса Машаяк аркылуу силерде Өзүнө жага турганды жаратып, силерди ар кандай жакшы ишке жөндөмдүү кылсын. Ал кылымдан кылымга даңктала берсин! Оомийин».

Эврейлер 13:20-21

Машаяк Өзүнүн каны менен түбөлүк келишимди бекиткен. Ушундайча куткарылууну ийгиликтүү ишке ашыруу аркылуу Ал Өзү өлгөндөрдөн тирилүүнүн батасына ээ болгон. Төмөнкү аят муну ачык айтат: «Теңирибиз Ыйса Машаякты түбөлүк келишимди ырастаган кан менен тирилткен [Кудай]». Келишимдин каны менен тирилтилген ушул Ыйса эми биздин тирүү Теңирибиз жана Кайтаруучубуз болуп калды.

Мунун натыйжасында Кудай төмөнкү эки нерсени кылат:

  1. Биз Анын эркин аткарышыбыз үчүн, бизди ар кандай жакшы каражат менен камсыз кылат.
  2. Бизде Өзүнө жага турганды жаратат.

Машаяктын каны менен бекитилген «түбөлүк келишим» – бул жаңы келишим. Ал эми жаңы келишимдин убадасы мындай: «Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам» (Жеремия 31:33). Демек, ушул келишимдин каны эки нерсеге кепилдик берет: Кудай Өз эрки аткарылышы үчүн, бизди каражат менен гана камсыз кылбайт; биз чындап эле Анын эркин ишке ашырышыбыз үчүн, биздин ичибизде Өзү иштейт.

Кудайдын эрки жөн эле ырайымдын каражаты катары ташка же кагаз бетине жазылган эмес. Ал биздин ичибизде ишке ашат. Анын натыйжасында биз Кудайга көбүрөөк жаккан ой жүгүртүүгө, иш-аракеттерге жана сезимдерге ээ болобуз.

Биз жаңы келишимде да Кудай берген каражаттарды колдонуп куткарылуубузду ишке ашырганга милдеттүүбүз: ««Куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла»». Бирок, эң маанилүүсү, Кудай бизге ушундай кылганга жөндөм берет: «Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат» (Филипиялыктар 2:12-13).

Эгерде бизде Кудайга жакканды кылганга жөндөм бар болсо – Анын жакшы ниетин аткарып жатсак, демек кандын баасына сатылып алынган Кудайдын ырайымы бизди жөн эле каражат менен камсыз кылбай, Өзүнүн кудуреттүү күчү менен өзгөртүп жатканы үчүн ушундай болуп жатат.

«Кудай каражат менен камсыз кылат жана аны ийгиликтүү колдоно алгандай кылат» аттуу насаат сөздөн үзүндү.