29-декабрь: Үрөйдү учурган тагдыр

Jakshy Kabar Media

29-декабрь: Үрөйдү учурган тагдыр

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал бизди келечектеги каардан куткарат».

1 Тесалоникалыктар 1:10

Бала чагыңызда бир жерде адашып калганыңыз же тик жардан төмөн кулап кете жаздаганыңыз же чөгүп кете жаздаганыңыз эсиңиздеби? Ошондо «көр оозунда турганыңызда» бирөө капысынан куткарып калса керек. Өмүрүңүздөн айрылып кала жаздаганыңызды ойлогонуңузда, дене-боюңуз титиреп кеткен болсо керек. Бирок куткарылганыңызга ушунчалык сүйүнүп, ыраазы болуп, кубанычтан калтырап кирген болсоңуз керек.

Жылдын аягында Кудайдын каарынан куткарылганымды ойлосом, мен да ушундай сезимдерге ээ болом. Ыйсанын туулган күнүндө очокто от көпкө күйүп турду. Отту оңдоп коёюн деп, көмүрлөрдү колум менен кармасам, алардын ысыгы колумду дароо эле күйгүзүп кирди. Колумду дароо тартып алып, тозокто Кудайдын күнөөгө каршы төгүлгөн коркунучтуу каарын элестетип, үрөйүм учту. Ал жердеги азап ушунчалык коркунучтуу болот!

Ыйсанын туулган күнүндө түштөн кийин денеси 87% күйүп калган аялды көргөнү бардым. Ал август айынан бери ооруканада жаткан. Ага жүрөгүм катуу ооруду. Кудайдын Сөзүндө келечектеги дүйнөдө жаңы денеге ээ болорубуз жазылганын айтып, ага үмүт берип, соорото алганыма кубандым! Бирок ооруканадан чыкканымда, ал аялдын бул өмүрдөгү азабы жөнүндө эле эмес, Ыйса аркылуу мен өзүм түбөлүктүү азаптан куткарылганым жөнүндө да ойлондум.

Муну сиз да элестетип көрүңүз. Дене-боюбузду титиреткен ушундай кубаныч менен ушул жылды аяктасак болобу? Ыйсанын бизди келечектеги каардан куткарганына Пабыл да ыраазы болуп, кубанган (1 Тесалоникалыктар 1:10). Ал эми ишенбегендерге ал мындай эскертүү берген: «[Кудай] өзүнүкүн бербей, чындыкка баш ийбей, адилетсиздикке багынгандарга каарын жана ачуусун төгөт» (Римдиктер 2:8). «Ошондой кылган [ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дүнүйөкор, башкача айтканда, бутка табынуучу] баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат» (Эфестиктер 5:6).

Бул жылдын акыркы күндөрүндө мен Ыйык Китептеги сапарымдын соңуна жакындап, акыркы Аян китебин окуп жатам. Бул китептин аягында Кудайдын улуу жеңиши жана «өмүр суусун» бекер алгандардын түбөлүктүү кубанычка бөлөнүшү сүрөттөлөт (Аян 22:17). Андан ары көз жаз деген, азап деген, көңүл чөгүү деген, ый деген, өлүм деген, күнөө деген болбойт (Аян 21:4).

Бирок тобо кылбаган жана Ыйсанын күбөлөндүрүүсүн бекем кармабагандардын тагдыры өтө коркунучтуу болот! Жакан Кудайдын сүйүүсү жөнүндө көп айткан элчи болсо да, анын Кудайдын каарынын сүрөттөмөсү үрөйдү учурат. «Ким жырткычка жана анын айкелине табынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса, ал Кудайдын каарынын шарабын – Анын каары толтурулган чөйчөктөгү таза шарапты ичет. Ал ыйык периштелердин жана Козунун алдында отко жана күкүрткө күйүп кыйналат. Алардын кыйналуусунан чыккан түтүн түбөлүккө көтөрүлүп турат. Жырткычка жана анын айкелине табынгандар, анын ысымынын белгисин койдургандар күн да, түн да тынч ала алышпайт» (Аян 14:9-11).

«Ал эми ким өмүр китебине жазылбаган болсо, ал күйүп турган көлгө ыргытылды» (Аян 20:15). Ыйса «жүзүмдү тебелегенде ширеси агып чыккан сыяктуу… кудуреттүү Кудайдын ачуусу менен каарынын шарабын алардын үстүнө төгөт» (Аян 19:5). «Ошондо жүзүм сыгылуучу жайдан аккан кан аттын жүгөнүнчөлүк бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир миң алты жүз стадий аралыкка чейин жетти» (Аян 14:20). Бул көрүнүш эмнени гана билдирбесин, кеп сөз менен сүрөттөп бере алгыс коркунучтуу нерсе жөнүндө болуп жатат.

Ушундай тагдырдан куткарылганымды ойлосом, денем титиреп, сүйүнүп кетем! Кудайдын каарына калуу – өтө жаман тагдыр! Бир туугандар, андан качкыла! Андан аман калуу үчүн, болгон күчүңөрдү жумшагыла. Башкаларды да аман алып калышыбыз үчүн, болушунча аракет кылалы! Ыйык Китепте бекеринен токсон тогуз “адил” адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болору айтылган эмес (Лука 15:7).

«Аман калганымды ойлосом, денем титиреп, кубанычка бөлөнөм» аттуу насааттан үзүндү.