28-декабрь: Биздин максатыбыз – Кудайдын даңкына бөлөнүү!

Jakshy Kabar Media

28-декабрь: Биздин максатыбыз – Кудайдын даңкына бөлөнүү!

Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйсага ишенүү аркылуу бизге бул ырайымга жол ачылды. Ошол ырайымга бөлөнүп, Кудайдын даңкына үмүттөнүү менен мактанып жатабыз».

Римдиктер 5:2

Биздин эң чоң үмүтүбүз – Кудайдын даңкын көрүү. «Кудайдын даңкына үмүттөнүү менен мактанып жатабыз» (Римдиктер 5:2). «Силерди мүдүрүлүүдөн сактап, Өз улуулугунун алдына кынтыксыз жана кубанычта жеткире алган… Кудайыбызга… даңк болсун!» (Жүйүт 1:24; КИ котормосу).

«Минткени Анын ырайымына татып, даңкына бөлөнүүгө даярдалгандарга Өзүнүн чексиз улуулугун көрсөтүш үчүн болсочу?» (Римдиктер 9:23; КИ котормосу). «Өз Падышачылыгы менен улуулугуна чакырган Кудайдын алдында татыктуу жашоого үгүттөп, шыктандырып, ошондой кылууңарды силерден жалынып суранган элек» (1 Тесалоникалыктар 2:12; КИ котормосу). «Биз ыйык үмүттү, улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяктын даңкынын көрүнүшүн күтүп жашашыбыз керек» (Тит 2:13).

Ыйсанын мүнөзү жана иштери Кудайдын даңкынын так эле өзү жана толук аяны болгон. «Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү» (Эврейлер 1:3). Ыйса: «Ата! Сенин Мага бергендериң… Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм», – деп сыйынган (Жакан 17:24).

«Жыйын башчыларынын бири, Машаяктын азап тартканына күбө болгон, айкын көрүнө турган даңкка ортоктош боло турган мен силердин Жыйын башчыларыңардан өтүнөмүн» (1 Петир 5:1). «Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз деген үмүтү бар» (Римдиктер 8:21).

«Биздин даңкталышыбыз үчүн, Кудай аны [Өз акылмандуулугун] дүйнө жаратыла электен мурун эле белгилеп койгон» (1 Корунттуктар 2:7). «Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат» (2 Корунттуктар 4:17). «Кудай кимдерди алдын ала белгилесе, ошолорду чакырды, чакыргандарын актады, актагандарын даңктады» (Римдиктер 8:30).

Кудайдын даңкын көрүү жана ага ортоктош болуу – бул бизге Ыйса Машаяктын жакшы кабары аркылуу берилген эң чоң үмүтүбүз.

Биз чындап таанып билген жана көздүн карегиндей сактаган мындай үмүтүбүз биздин азыркы жашоодогу баалуулуктарыбызга, тандоолорубузга жана иш-аракеттерибизге өзүнүн чечүүчү таасирин тийгизет.

Кудайдын даңкын таанып билиңиз. Кудайдын жана Машаяктын даңкын изилдеңиз. Кудайдын даңкын чагылдырган бул дүйнөнүн даңкын жана Машаяктын даңкын ачып берген Жакшы Кабардын даңкын изилдеңиз.

Кудайдын даңкын чагылдырган бүт нерселерди көздүн карегиндей сактаңыз жана Анын даңкын баарынан жогору коюңуз.

Өзүңүздүн жан-дүйнөңүздү изилдеңиз. Сизди башка кандай даңкттар азгырганын аныктаңыз жана эмне үчүн башка нерселердин даңкын Кудайдын даңкынан жогору баалаганыңызды түшүнүңүз. Өзүңүздүн жан-дүйнөңүздү изилдеп, бул дүйнөнүн даңктуу нерселерин канткенде 1 Шемуел 5-бөлүм 4-аяттагы бутпарастардын Дагон кудайы сыяктуу талкалай аларыңызды аныктаңыз. Сизди Кудайдын даңкынан алаксыткан башка бардык «даңктуу» кудайлар өздөрүнүн ийбадатканаларында жерге кулап, талкалансын. Кудайдын даңкын бул дүйнөдөгү бардык нерселерден жогору коюңуз.

«Бейтлехемдин түпкү нерселерин кайра куруу: эң маанилүү болгон Кудайдын даңкы» аттуу насааттан үзүндү.