27-декабрь: Сиз кандай максат менен жашайсыз?

Jakshy Kabar Media

27-декабрь: Сиз кандай максат менен жашайсыз?

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»; «Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына, Ал аркылуу Кудай Атага ыраазычылык билдирүү менен кылгыла».

1 Корунттуктар 10:31; Колостуктар 3:17

Эртең менен туруп, жаңы күндү баштайын деп жатканыңызда, ал күндөн эмнелерди үмүттөнөсүз жана алар жөнүндө өзүңүзгө эмне дейсиз? Бир күндү башынан аягына чейин элестеткениңизде, кечке чейин эмненин ишке ашышын каалайсыз?

Эгерде сиз: «Мен ал жөнүндө ойлонбойм. Жөн эле эртең менен туруп, эмне кылышым керек болсо, ошол иштерди кылам», – деп жооп берсеңиз, анда сиз ырайымдын эң негизги каражатынан жана сизге күч жана багыт берип, кубанычка толтуруп, жемиштүү кылган каражаттан баш тартып жатасыз. Себеби Кудай биздин күн сайын акыл-эстүүлүк менен маанилүү максаттарды коюшубузду жана ошолорду ишке ашырышыбызды каалаганы Ыйык Китепте айдан ачык жазылып турат.

Кудайдын бизге ачып берген эрки мындай: эртең менен турганыбызда, эмне кылышыбызды билбей ары-бери баскандын жана жаралган жагдайларга ылайыкташкандын ордуна, кандайдыр бир нерселерге умтулушубуз керек – оюбузду бир максатка топтошубуз керек. Жаш балдар да, өспүрүмдөр да, улуу адамдар да – бойдоктор, үй-бүлөлүүлөр, жесирлер, апалар, соода кылгандар жана кесипкөйлөр баары ушундай кылышы керек.

Максатсыз жашоо – өлүк жашоо. Корообуздагы жерге түшкөн жалбырактар итибизге жана балдарыбызга караганда көбүрөөк кыймылдап, шамал каякка айдаса, ошол жакка учушу мүмкүн. Абада чимирилип, жерге түшүп, кайра көтөрүлүп, тосмого барып жармашышы мүмкүн. Бирок жалбырактар эмне гана кылбасын, алардын эч бир максаты жок. Алардын кыймыл-аракети көп болсо да, өмүрү жок.

Кудай адам баласын корообузда шамалга сапырылган жансыз жалбырактардай болуп, максатсыз жашасын деп жараткан эмес. Кудай бизди максатка ээ болсун – ар бир күндө бир нерселерге өзгөчө көңүл бурсун жана умтулсун деп жараткан. Бүгүнкү күнгө сиздин кандай максатыңыз бар? Жаңы жылга карата кандай максаттарыңыз бар? Бул жөнүндө ойлонууну төмөнкү аяттан баштасаңыз болот: «Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 Корунттуктар 10:31).

«Бири-бириңерди сүйүүгө шыктандыруу жөнүндө ойлонгула» аттуу насааттан үзүндү.