Жон Пайперден насаат сөз
«Мени өлүм толкуну курчап алды, мыйзамсыздыктардын агымы үрөйүмдү учурду… Кудай! Анын жолу таза».
2 Шемуел 22:5, 31
Табигый кырсыктын айынан он баласынан айрылгандан кийин, Аюб мындай деген: «Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» (Аюб 1:19, 21). Бул китептин аягында шыктандырылган автор Аюб өзүнүн жашоосунда эмне болуп өткөнүн түшүнгөнүн тастыктайт. Анын айтымында, Аюбду «ага-инилери, эже-карындаштары… сооротушту, анткени Теңир анын башына көп азап салган эле» (Аюб 42:11).
Мындан биз өзүбүз үчүн абдан маанилүү болгон бир нече тыянак чыгарсак – жаңы жылдын босогосунда туруп, дүйнөдө жана өзүбүздүн жашоолорубузда болуп өткөн кырсыктар, алардын ичинде 2004-жылдын 26-декабрында Индия океанында болуп өткөн, 1.7 миллион адамды үй-жайсыз калтырган, жарым миллиондой адамга жаракат келтирген жана 230000ден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен, тарыхтагы эң көп адамдын өмүрүн алган табигый кырсыктардын бири болуп калган цунами жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө, өзүбүзгө төмөнкүдөй сабактарды алсак болот:
1-сабак: Эң жогорку бийлик шайтандын колунда эмес, Кудайдын колунда.
Аюбдун азаптарына шайтандын да тиешеси бар, бирок ал чечүүчү ролду ойногон эмес. Кудай шайтанга Аюбду азапка салганга уруксат берген (Аюб 1:12; 2:6). Бирок Аюб жана китептин автору Кудайды эң негизги себепкер деп эсептеген. Шайтан Аюбдун денесине жараларды каптатканда, Аюб өзүнүн аялына: «Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – деген, ал эми китептин автору мындай жараларды Аюбдун башына Теңир салган азап деп эсептеген (Аюб 42:11). Демек, шайтан чындап эле бар. Ал башка мүшкүл түшүрөт. Бирок ал эң башкы же чечүүчү ролду ойнобойт. Ал жипке байланган ит сыяктуу. Ал Кудай уруксат берген деңгээлге чейин гана зыят тийгизе алат.
2-сабак: Ошол 2004-жылкы Ыйсанын туулган күнүнөн бир күн кийинки цунамини шайтан пайда кылган болсо да, 200000дей адамдын өлүшүн ал чечкен эмес. Кудай чечкен.
Кудай Аюбка риторикалык суроо берүү аркылуу анын жашоосундагы «цунамилердин» үстүнөн бийлиги болгонун ырастаган: «Деңиз эненин курсагынан чыккансып чыкканда, аны дарбаза менен ким тосту?.. “Ушуга чейин жетесиң, андан ары өтпөйсүң, текебердүү толкунуңдун чеги ушул жер болот”, – деп айтканда, сен кайда элең?» (Аюб 38:8). Ал эми 88-забур 9-10-аяттарда мындай деп айтылат: «Теңир, Себайот Кудай!.. Сен деңиздин каарына бийлик кыласың; анын толкундары жогору көтөрүлгөндө, Сен аларды басасың».
Ыйса бир жолу өмүргө коркунуч туудурган деңиздин толкундарын кантип тынчтандырган болсо, азыр да деңизди ошондой башкарып турат: «Ал ордунан туруп, шамалга жана толкундап жаткан сууга тыюу салды. Шамал да, толкун да басылып, тынчтык орноду» (Лука 8:24). Демек, 2004-жылкы жер титирөөнү шайтан пайда кылган болсо да, Кудай андан пайда болгон толкундарды токтотуп коё алмак. Бирок Ал токтоткон эмес.
3-сабак: Бул дүйнөдөгү кыйратуучу кырсыктар жаза менен ырайым алып келет.
Кудайдын максаттары жөнөкөй эмес. Аюб Кудайдан корккон адам эле, андыктан анын азаптары Кудайдан келген жаза болгон эмес (Аюб 1:1, 8). Алардын максаты жазалоо эмес, тазалоо болгон (Аюб 42:6). Жакып мындай дейт: «Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер (Жакып 5:11).
Бирок биз Аюбдун курман болгон балдарынын рухий абалы кандай болгонун билбейбиз. Аюб алар жөнүндө анык эле кабатырланган (Аюб 1:5). Кудай алардын жанын жаза катары алган болушу мүмкүн. Бирок биз так билбейбиз.
Эгерде ушундай болгон болсо, анда бир эле кырсык аркылуу акыр-аягы Аюбга ырайым кылынган, ал эми анын балдары жазаланган. Бардык кырсыктардын ушундай эки максаты бар. Аларда сот жана ырайым, жаза жана тазалоо камтылган. Азап, алтургай өлүм да, бир эле убакта ырайым жана жаза болушу мүмкүн.
Ыйсанын өлүмү буга эң жакшы мисал боло алат. Анын өлүмү бир эле убакта жаза жана ырайым болгон. Ыйса (Өзүнүн эмес) биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнө алганы үчүн, жазага тартылган, ал эми Анын биздин ордубузга жазаланганына жана бизди адил кылганына ишенген биз үчүн Анын өлүмү ырайым алып келген (2 Корунттуктар 5:21; Галатиялыктар 3:13; 1 Петир 2:24).
Дагы бир мисал болуп Адам менен Обонун күнөөгө батуусунун натыйжасында жер жүзүнө каргыш жана азап-кайгылардын келгени эсептелет. Машаякка эч качан ишенбегендер үчүн бул жаза (сот) болуп саналат, ал эми ишенгендер үчүн бул (келечектеги) даңкка азап-кайгы аркылуу даярдаган ырайым болуп саналат. «Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен» (Римдиктер 8:20). Кудайдын каалоосу менен ушундай болгон. Ошон үчүн цунамилер болуп турат. Бирок Кудай жаратылышты Өзүнүн балдары менен чогуу даңктуу эркиндикке жетет деген «үмүт менен» ушундай убаракерчиликке баш ийдирген.
4-сабак: Машаяктын жүрөгүнө ээ болгон Анын эли азап чеккендерге (алар башка ишенимге ээ болсо да) боору оруу менен мамиле кылат.
Ыйык Китеп: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла», – дегенде, «Аларды Кудай кайгыга салган болсо, ыйлабагыла», – деп кошумчалабайт (Римдиктер 12:15) . Аюбдун достору көп сүйлөбөй, жөн эле Аюб менен чогуу ыйлаганда, аны жакшыраак соорото алышмак. Аюбдун чеккен азап-кайгысы үчүн акыр-аягы Кудай жоопкерчиликтүү болгон болсо да, анын достору аны менен чогуу ыйлашы керек эле. Азап чеккендер менен чогуу ыйлоо туура эле. Ким себепкер болбосун, азап деген азап. Биз баарыбыз күнөөкөрбүз. Азаптын себептерин билгенибиз үчүн эмес, азаптарга ортоктош болгонубуз үчүн, башкаларга боорубуз оорушу керек. Азап баарыбыздын башыбызга түшө турган нерсе.
5-сабак: Азап чеккендер татыктуу болсо да, болбосо да, Машаяк бизди аларга боорукер мамиле кылууга чакырат.
Ырайымдын чыныгы мааниси ушундай – татыктуу болбогон жардам. «Душмандарыңарды сүйгүлө, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла» (Лука 6:27). Биз Машаякка душман болгон кезде эле, Ал биз үчүн өлүү аркылуу бизге ушундай мамиле кылган (Римдиктер 5:10). Анын күчү жана Анын үлгүсү менен биз да ушундай кылабыз.
«Цунами, Кудайдын кудуреттүү бийлиги жана ырайымы» насааттан үзүндү.