25-декабрь: Ыйсанын туулган күнүндөгү үч белек

Jakshy Kabar Media

25-декабрь: Ыйсанын туулган күнүндөгү үч белек

Жон Пайперден насаат сөз

«Балдарым, силерди эч ким алдабасын: адил иш кылган адам Машаяк сыяктуу адил. Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген…Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машаяк бар. Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы».

1 Жакан 3:7-8; 2:1-2

Мени менен чогуу мындай укмуштуу жагдайды элестетиңиз. Эгерде Кудайдын Уулу сизге күнөө кылганды токтотконго жардам бериш үчүн – шайтандын иштерин талкалаш үчүн – келсе жана сиз күнөө кылып койгонуңузда, ал үчүн төлөй турган кун болсун деп, сиз үчүн өлүш үчүн да келсе, анда бул сиздин жашооңузга кандай таасирин тийгизиши керек?

Бул үч натыйжа берет. Аларга ээ болуу сонун. Мен аларды сизге Ыйсанын туулган күнүндөгү белек катары кыска-нуска түшүндүрүп берейин.

1-белек: Жашооңуздун анык максаты болот.

Сиздин жашооңуздун анык максаты пайда болот. Бир сөз менен айтканда, эмне кылбашыңыз керектигин билип каласыз: күнөө кылбашыңыз – Кудайдын кадыр-баркын түшүргөн иштерди жасабашыңыз керек болот. «Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам» (1 Жакан 2:1). «Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген» (1 Жакан 3:8).

Эгерде сиз: «Эмне кылбашыбыз керектиги эмес, эмне кылышыбыз керектигин да билип калабызбы?» – деп сурасаңыз, жооп мындай болот: Албетте! Анын баары 1 Жакан 3-бөлүм 23-аятта корутундуланган. Бул аят Жакандын жалпы катынын маанисин кыска-нуска чагылдырат. «Осуят» деген сөз жекелик түрдө экенин байкаңыз: «Ал эми Анын осуяты болсо бул: Уулу Ыйса Машаякка ишенүү жана бири-бирибизди Ыйса осуяттагандай сүйүү». Жакан Ыйсага ишенүү менен башкаларды сүйүү бири-бирине тыгыз байланыштуу деп эсептегендиктен, экөөсүн бир осуят деп эсептейт. Жашообуздун максаты ушул. Машаякчынын жашоосунун кыскасы ушуну билдирет: Ыйсага ишеним артуу жана адамдарды Ыйса жана Анын элчилери окуткандай сүйүү. Ыйсага таяныңыз жана адамдарды сүйүңүз. Жашоонун максатын аныктаган биринчи белек ушул.

2-белек: Биздин ийгиликсиздиктерибиздин кечирилишине үмүт пайда болот.

Машаяк биздин күнөө кылганыбызды токтотуш жана биздин күнөөлөрүбүздү кечириш үчүн келди деген эки тараптуу чындыктын экинчи мааниси төмөнкүдөй: Биз ийгиликсиз болгон учурда күнөөлөрүбүз кечирилерине үмүттөнсөк, күнөөнү жеңүүдө алдыга жылышыбыз жакшы болот. Эгерде бизде Кудай биздин ийгиликсиздиктерибизди кечирет деген үмүт жок болсо, анда күнөөгө каршы күрөштү баштабай жатып эле ага багынып беребиз.

Арабызда көп адамдар кандайдыр бир күнөөлүү адаттарга берилип кеткендиктен, алардан арылууну каалап, алдыдагы жаңы жылда жашоону өзгөртүү жөнүндө ойлонуп жатса керек. Мисалы, туура тамактанууну, туура көңүл ачууну, курмандык (жардам) берүүнүн жаңы жолдорун, жубайыңарга кылган мамилеңерди оңдоонун жолдорун, үй-бүлө менен тынч убакыт өткөрүүнүн жаңы жолдорун, уктоо жана денелик көнүгүү жасоонун жаңы жолдорун, Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүүдө кайраттуу болуунун жолдорун үйрөнгүңөр келип жатса керек. Бирок мындай аракеттерден кандайдыр бир майнап чыгабы деп олку-солку болуп жаткан болушуңар мүмкүн. Анда Ыйсанын туулган күнүндөгү экинчи белекке көңүл буруңуз: Машаяк шайтандын иштерин – биздин күнөө кылуубузду – талкалаш үчүн эле эмес, биз үчүн Арачы (жактоочу) болуш үчүн да келген, себеби биздин күнөөгө каршы күрөшүбүздө ийгиликсиздик болбой койбойт.

Ошондуктан мен сизди шыктандыргым келет: күнөөгө чалынып жыгылсаңыз, күнүңүз аны менен бүтпөрүн (Кудай сизди кечирерин) билиңиз. Бул сизге күнөөгө каршы күрөшкөнгө үмүт берет. Бирок этият болуңуз! Эгерде сиз Кудайдын ырайымын кыянаттык менен пайдаланып: «Мен жыгыла турган болсом, бирок Кудай мени баары бир кечирсе, анда күнөөгө каршы күрөшпөй койсом да болот турбайбы!» – деп ойлосоңуз жана ушундай иш кылсаңыз, анда сиз жогорудан али төрөлө элек болушуңуз ыктымал. Мындай нерседен коркушуңуз керек.

Бирок көпчүлүгүбүз андай адамдар эмеспиз. Көпчүлүгүбүз жашообузда күнөөлүү адаттарыбызга каршы күрөшкүбүз келет. Ал эми Кудай бизге мындай дейт: Машаяктын силердин күнөөңөр үчүн кун төлөгөнү силерге күнөөгө каршы болгон согушта үмүт берсин. «Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машаяк бар».

3-белек: Машаяк бизге жардам берет.

Машаяк биздин күнөө кылганыбызды токтотуш үчүн жана биздин күнөөлөрүбүздү кечириш үчүн келди деген эки тараптуу чындыктын акыркы үчүнчү мааниси мындай: Машаяк бизге күнөөгө каршы күрөшкөнгө жардам берет. Ал чындап эле жардам берет. Ал сиз тарапта. Ал күнөө жыргал болгону үчүн аны талкалоо үчүн келген эмес. Күнөө өлүмгө дуушар кылгандыктан, аны талкалоо үчүн келген. Күнөө – амалкөйдүн азгырыгы, андыктан ага каршы күрөшпөсөк, ал бизди жок кылат. Машаяк бизге зыян тийгизиш үчүн эмес, жардам бериш үчүн келген.

Демек, Ыйсанын туулган күнүндөгү үчүнчү белек бул: Машаяк сизге күнөөнү жеңгенге жардам берет. 1 Жакан 4-бөлүм 4-аят мындай дейт: «Анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан чоң». Ыйса тирүү. Ыйса кудуреттүү, Ыйса ишеним аркылуу биздин ичибизде жашайт. Ал бизге каршы эмес, биз тарапта. Алдыдагы жаңы жылда Ал сизге күнөөгө каршы күрөшкөнгө жардам берет. Ага таяныңыз.

«Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген» аттуу насааттан үзүндү.