24-декабрь: Ыйса эки максатты ишке ашыруу үчүн төрөлгөн

Jakshy Kabar Media

24-декабрь: Ыйса эки максатты ишке ашыруу үчүн төрөлгөн

Жон Пайперден насаат сөз

«Балдарым, силерди эч ким алдабасын: адил иш кылган адам Машаяк сыяктуу адил. Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген».

1 Жакан 3:7-8

Элчи Жакан: «Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген», – дегенде, шайтандын кандай иштери жөнүндө айтып жатат? Кеп эмнеде болуп жатканын жакынкы аяттардан так байкасак болот.

Биринчиден, 3-бөлүмдүн 5-аятында ушуга абдан окшош сөздөр айтылат: «Машаяк бизди күнөөлөрдөн арылтыш үчүн келгенин… билесиңер». «Келген» деген сөз 5-аятта жана 8-аятта колдонулат. Демек, Ыйса талкалоо үчүн келген «шайтандын иштери» – бул күнөөлөр деген тыянак чыгарсак болот. Бул ойду 8-аяттын биринчи бөлүгү тастыктайт: «Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат».

Бул аяттарда кеп ооруу-сыркоо же унаанын бузулуусу же иштердин ойдогудай болбой калышы сыяктуу нерселер жөнүндө эмес, күнөө кылуу маселеси жөнүндө болуп жатат. Ыйса бул дүйнөгө бизди күнөө кылганыбызды токтотконго жөндөмдүү кылуу үчүн келген.

Бул тыянакты төмөнкү аяттагы чындык менен салыштырсак, кеп ушундай экени ого бетер түшүнүктүү болуп калат: «Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам» (1 Жакан 2:1). Ыйсанын төрөлүшүнүн – адам болуп келишинин эң негизги максаттарынын бири ушул (1 Жакан 3:8).

Бирок автор төмөндөгү аяттарда Ыйсанын дагы бир максаты жөнүндө сөз кылат: «Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машаяк бар. Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы» (1 Жакан 2:1-2).

Демек, муну мындай түшүнсөк болот: Ыйсанын бул дүйнөгө келишинин эки себеби бар. Ал биз күнөө кылганыбызды токтотушубуз үчүн, б.а. шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген (1 Жакан 3:8). Буга кошумча, Ал эгерде биз баары бир күнөө кылып койсок, ал үчүн төлөй турган кунубуз болушу үчүн келген. Ал биздин ордубузга курмандыкка чалынуу аркылуу биздин күнөөлөрүбүздүн айынан козголгон Кудайдын каарын токтотуу үчүн келген.

Экинчи максаттын натыйжасы биринчи максатка каршы келбейт. Күнөөлөрүбүздүн кечирилиши күнөө кылсак боло берет экен дегенди билдирбейт. Машаяк биз күнөөгө каршы күрөшпөй коюшубуз үчүн өлгөн эмес. Тескерисинче, Машаяктын ушул эки максатты ишке ашырышы төмөнкү натыйжаны бериши керек: Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кунун төлөө аркылуу бизди эркиндикке чыгарып, күнөөгө каршы күрөшкөнгө күч берет. Бизди мыйзамды аткарып, куткарылууга өз күчү менен жетсин, куткарылууну жоготуп коёбузбу деп коркуп жүрсүн деп эмес, жеңишке жете турган адамдар катары күнөөгө каршы бекем ишеним жана жан дили менен күрөшсүн, өмүрлөрүнөн айрылса да, жеңилбесин деп ушундай кылган.

«Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген» аттуу насааттан үзүндү.