23-декабрь: Кудайдын сөз менен айтып жеткире алгыс белеги

Jakshy Kabar Media

23-декабрь: Кудайдын сөз менен айтып жеткире алгыс белеги

Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени биз Кудайдын душманы болуп туруп, Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешип жатсак, анда элдешкенден кийин, Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да анык. Муну менен гана эмес, бизди Кудай менен элдештирген Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудайдын Өзү менен да мактанабыз».

Римдиктер 5:10-11

Биз чындыгында Кудай менен кантип элдешип жана кантип Анда шаттыкка бөлөнөбүз? Муну Ыйса Машаяк аркылуу кыла алабыз. Мунун мааниси, жок дегенде, биз Ыйык Китептеги Ыйсаны – башкача айтканда, Жаңы Келишимде сүйлөгөн жана иштерди кылган Ыйсаны – элестетип, Аны Кудайга болгон кубанычыбыздын маанилүү мазмуну кылабыз. Кудайда шаттануубуздун Машаякка тиешеси жок болсо, Машаяк урматталбайт. Ал эми Машаяк урматталбаган жерде, Кудай дагы урматталбайт.

2 Корунттуктар 4-бөлүм 4-6-аяттарда Пабыл тобо кылууну, Кудайга ишенип калууну эки жол менен мындай деп сүрөттөйт: «Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын даңкын» көрүү (4-аят) жана «Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн» Кудайдын улуулугун көрүү (6-аят; КИ котормосу). Эки аятта тең кеп эмнеде болуп жатканы түшүнүктүү. Кудайга кайрылууда биз Кудайдын бейнеси болгон Машаякты жана Ыйса Машаяктын жүзү аркылуу Кудайды көрөбүз.

Кудайда шаттануу үчүн, биз Ыйса Машаяк аркылуу Өзүн көрсөткөн Кудайды таанып билгенибизге кубанабыз. Бул шаттануунун тажрыйбасын толук деңгээлде Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөндө ээ болобуз (Римдиктер 5:5). Ошондой эле, Кудайдын сүйүүсүнүн Рух берген таттуу тажрыйбасына 6-аяттын тарыхый чындыктары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө ээ болобуз: «Анткени биз алсыз кезде эле, белгиленген убакта Машаяк кудайсыздар үчүн өлгөн».

Демек, Ыйсанын туулган күнүнүн мааниси мындай. Кудай Ыйса Машаяктын өлүмү аркылуу биз менен элдешүүнүн баасын төлөп эле койгон жок (Римдиктер 5:10). Ошондой эле, Кудай бизди Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу ошол элдешүүнү кабыл алганга жөндөмдүү кылып эле койгон жок. Буга кошумча, биз азыртан эле Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу Ыйык Рухтун жардамы менен Кудайда шаттануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калдык (Римдиктер 5:11).

Ыйса биздин элдешүүбүздүн баасын төлөдү. Ыйса бизге элдешүүнү кабыл алып, белекти ачканга жөндөм берди. Ыйса Өзү – адам кейпин кийип келген Кудай катары – сөз менен айтып жеткире алгыс белек болуп Өз жарыгын чачып, биздин Кудайга болгон бардык сүйүнүчүбүздү ойготот.

Алдыдагы Ыйсанын туулган күнүндө Ыйсага үмүт артыңыз. Ал баасын төлөгөн элдешүү белегин кабыл алыңыз. Белекти ачып көрбөй эле, текчеге коюп койбоңуз. Белекти ачып жатканда, Кудай биз менен элдешүү үчүн белек катары Өзүн бергенин унутпаңыз.

Аны менен шаттаныңыз. Аны менен баарлашуудан ырахат алыңыз. Аны өзүңүздүн кенчиңиз катары таанып билиңиз.

«Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга шаттанабыз» аттуу насаат сөздөн үзүндү.