22-декабрь: Силердин ишенишиңер үчүн

Jakshy Kabar Media

22-декабрь: Силердин ишенишиңер үчүн

Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок. Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды».

Жакан 20:30-31

Арабызда жыйында чоңойгон, уктап жатканда да ишенимибизге тиешелүү негизги окутууларды жатка айтып бере алган, бирок Элчилердин Ишеним Символун айтууга келгенде зеригип киргендер сөзсүз бар деп ойлойм. Атабыздын жанында түбөлүктөн бери бар болгон, Анын бардык даңкын чагылдырган, Анын табиятынын толук көчүрмөсү болгон, бардык нерселердин жаралышына катышкан, Өзүнүн сөзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турган Кудайдын Уулуна кайрадан суктанып, Анын таң калыштуулугун жана кереметтүүлүгүн сезип, титирешибиз үчүн, бир нерсе кылышыбыз керек.

Сиз ушул убакка чейин жазылган жомоктордун, ар кандай табышмактуу триллерлердин, арбактар жөнүндөгү окуялардын баарын окуп чыксаңыз да, эч качан Кудайдын Уулунун адамдын кейпин кийип келиши тууралуу окуя сыяктуу ушунчалык айран таң калыштуу, кызыктай жана сыйкырдуу эч нерсе таппайсыз.

Биз канчалык өлүкпүз! Оо Кудай, Сенин даңкыңды жана окуяңды сезип, түшүнө албаган кандай гана таш боор жана сезимсиз адамдарбыз! Мен канча жолу өкүнүү менен: «Оо Кудай, Сенин чыныгы окуяңдан көрө адамдардын окуялары менин эмоциямды, коркуу сезимимди, таң калуумду, суктануумду жана кубанычымды козгогону үчүн кечирим сурайм», – деп айтууга туура келди экен?

Балким, бүгүнкү күндөгү галактикалык триллер тасмалар бизге жок дегенде момун болгонго, тобо кылганга түрткү берсе керек, себеби алар биз чындыгында таң калуу жана суктануу сезимине ээ болууга жөндөмдүү экенибизди, бирок түбөлүктүү Кудай жана Машаяктын ааламды толтурган даңкына, Назареттик Ыйса аркылуу Кудай менен кадимкидей тирүү байланышка ээ экенибизге чанда гана таң калып, суктанарыбызды көрсөтөт.

«Мен ошол үчүн бул дүйнөгө келгем» (Жакан 18:37). Ыйсанын мындай акылга сыйбаган, таң калыштуу жана кызыктай сөздөрүн сиз өзүңүз окуган эч бир илимий фантастикалык чыгармадан таба албайсыз.

Ыйык Рух кудуреттүү күч менен менин жана сиздин үстүңүзгө төгүлүп, мага төбө чачымды тик тургузган нерсени тажрыйбалаттырып, мени ойготуп, Кудайдын элестете алгыс чындыгына көздөрүмдү ачышына ушунчалык ынтызаар болуп сыйынам!

Ушул күндөрдүн биринде асмандын күн чыгышынан батышына чейин чагылган болуп, булуттардын арасында жалындаган отто Адам Уулу Өзүнүн күчтүү периштелери менен көрүнөт. Ошондо биз Аны даана көрөбүз. Корккондонбу же катуу толкундануудан болобу, бизди калтырак басат жана биз кантип узак убакыттан бери жоошутулган жана эч зыяны тийбеген Машаяк менен жашап келдик деп таң калабыз.

Биз ишенишибиз үчүн жана Ыйса Машаяк бул дүйнөгө келген Кудайдын Уулу экенине айран таң калып, уйкудан ойгонушубуз үчүн бул нерселер – деги эле Ыйык Китептин баары – жазылган.

«Ыйсанын төрөлүшү жана Чындыктын иши» аттуу насаат сөздөн үзүндү.