21-декабрь: Күндөрү Байыркынын төрөлүшү

Jakshy Kabar Media

21-декабрь: Күндөрү Байыркынын төрөлүшү

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондо Пилат Ага: “Демек, Сен Падыша экенсиң да?” – деди. Ыйса ага: “Өзүң айтып жатасың. Мен Падышамын. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат”, – деди».

Жакан 18:37

Бул аят Ыйсанын жердеги жашоосунун башталышынан эмес, эң аягынан алынган болсо да, Ыйсанын туулган күнүнө тиешелүү улуу аят болуп саналат.

Байкаңыз: Ыйса Өзүнүн төрөлгөнүн эле эмес, «дүйнөгө келгенин» да айтып жатат. Анын төрөлүшүнүн уникалдуулугу Анын өмүрү төрөлүшү менен гана башталбагандыгында. Ал акырда төрөлгөнгө чейин эле бар болгон. Назареттик Ыйсанын инсандыгы жана мүнөзү Ал адам болуп төрөлө электе эле бар болгон.

Бул табышмакты теологиялык сөз менен «жаралуу» эмес, «адамдын денесин кийүү» деп сүрөттөсөк болот. Ыйсанын денеси эмес, заты, инсандыгы адам болуп төрөлгөнгө чейин эле бар болгон. Анын төрөлүшү жаңы адам катары пайда болуу эмес, бул дүйнөгө түбөлүктүүлүктөн бери жашап келген эски адамдын келиши болгон.

Михей 5-бөлүм 2-аятта Ыйса төрөлгөнгө чейин 700 жыл мурун, мындай деп айтылган:

«Бирок Сен, Бейт-Лехем Эфрата, Жүйүттүн миңдеген урууларынын ичинен кичине болсоң да, сенден Мен үчүн Ысрайылга Эгедер боло турган Адам чыгат, Ал эң башында эле, байыркы күндөрдө эле төрөлгөн».

Ыйсанын төрөлүшүнүн сыры Анын никеси кыйылбаган кыздан төрөлгөндүгүндө эле эмес. Кудай бул кереметти андан да чоңураак кереметти, тактап айтканда, Бейтлехемде төрөлгөн ымыркай мурунтан бери бар болгон «күндөрү байыркы» адам экенин күбөлөндүрүү үчүн колдонгусу келген.

Демек, Анын төрөлүшүнүн максаты болгон. Ал төрөлө электе эле төрөлүү жөнүндө ойлонгон. Атасы менен бирге иштин планын түзгөн. Ошол улуу пландын бир бөлүгүн Ал жердеги жашоосунун акыркы сааттарында мындай деп түшүндүргөн: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат» (Жакан 18:37).

Ал түбөлүктүү Чындык болгон. Ал чындыкты гана айткан. Ал сүйүүнүн эң улуу чындыгын иш жүзүндө көрсөткөн. Ал эми чындыктан төрөлгөндөрдүн бардыгын Өзүнүн түбөлүк үй-бүлөсүнө чогултуп жатат. Бул Анын байыртадан бери ишке ашып келе жаткан планы.

«Ыйсанын төрөлүшү жана Чындыктын иши» аттуу насаат сөздөн үзүндү.