20-декабрь: Ыйсанын туулган күнүндөгү тилектештик

Jakshy Kabar Media

20-декабрь: Ыйсанын туулган күнүндөгү тилектештик

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген».

1 Жакан 3:8

Шайтан күн сайын конвейерден миллиондогон күнөөлөрдү жасап чыгарат. Анан аларды жүк ташуучу учактарга салып алып, асманга алып барып, Кудайдын көз алдында жайып көрсөтүп, Аны кайра-кайра шылдыңдайт.

Кээ бир адамдар шайтандын заводунда эртең мененден кечке чейин иштешет. Ал эми кээ бирөөлөр ал жерден иштен кеткен, бирок ал жакка кез-кезде кайтып барып турушат.

Ар бир мүнөттө конвейерден чыккан күнөөлөр Кудайды шайтандын көзүнчө шылдың кылат. Күнөө – шайтандын кылар иши, себеби ал Кудайдын жарыгын, сулуулугун, аруулугун жана даңкын жек көрөт. Жаратуучунун колунан жаралган адамдардын Ага ишенбей, тил албастык кылганы шайтанга эң көп жагат.

Ошондуктан Ыйсанын туулган күнү адам үчүн да, Кудай үчүн да жакшы кабар болуп саналат.

«“Машаяк Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди” деген сөз туура жана бардык жагынан кабыл алынууга татыктуу. Мен ошол күнөөкөрлөрдүн биринчисимин» (1 Тиметей 1:15). Бул адамзат үчүн жакшы кабар.

«Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген» (1 Жакан 3:8). Бул Кудай үчүн да жакшы кабар.

Ыйсанын туулган күнү – Кудай үчүн жакшы кабар, себеби Ыйса шайтандын заводунда көтөрүлүш жасоо үчүн келди. Ал заводко түз эле кирип барып, ишенимдүүлөрдү тилектештикке жана жапырт иш таштоого чакырды.

Ыйсанын туулган күнү – бул күнөөнүн заводунда көтөрүлүш жасоого чакыруу. Заводтун башчылары менен эч кандай сүйлөшүүлөр, соодалашуулар болбошу керек. Болгону бир жакадан баш чыгарып, заводто күнөөлөрдүн иштеп чыгарылышына катуу каршы туруу керек. Мындан кийин бул ишке ортоктош болбоо керек.

Ыйсанын туулган күнүндөгү тилектештик жүк ташуучу учактарды жерге кулатып түшүрүүнү максат кылып коёт. Бул үчүн күч же зордук-зомбулук колдонулбайт, бирок Чындыкка толук берилүү аркылуу шайтандын өндүрүшүндөгү жашоону кыйраткан кесепеттердин бети ачылат.

Машаякчылык тилектештик өз максатына жетип, заводту толук жаптырмайынча нараазычылыкты токтотпойт.

Күнөө жок кылынганда, Кудайдын кадыр-баркына сөз тийбей турган болот. Андан кийин Аны эч ким шылдыңдабай турган болот.

Алдыдагы Ыйсанын туулган күнүндө Кудайга белек бергиңиз келсе, күнөөнүн конвейериндеги ишиңизди таштап, ал жакка экинчи барбас болуңуз. Элдин катарында сүйүүнүн пикетине чыгыңыз. Ыйсанын туулган күнүндөгү тилектештикке кошулуп, Кудайдын атын жаманатты кылган шайтандын иши токтоп, Ал адил адамдардын мактоолору аркылуу кайра даңкка ээ болгонго чейин, күрөшүңүз.

«Ыйсанын туулган күнүндөгү шериктештик» аттуу насааттан үзүндү.