19-декабрь: Ыйсанын туулган күнү эркиндик алып келди

Jakshy Kabar Media

19-декабрь: Ыйсанын туулган күнү эркиндик алып келди

Жон Пайперден насаат сөз

«Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду. Ал Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн, өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду».

Эврейлер 2:14-15

Адамдардан да бийигирээк турган адамдын өлүмү керек болгондуктан, Ыйса адам кейпин кийди. Кудайдын адам болуусу бул Анын өлүм жасазына кесилгендер отурган бөлмөгө Өзүн-Өзү камоосу болуп саналат.

Машаяк жөн гана өмүрүн тобокелге салган эмес. Ал өлүмдү тандаган. Ал аны кабыл алган. Ал дал ушул себептен улам бул дүйнөгө келген: «Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген» (Марк 10:45).

Шайтандын Ыйсаны чөлдө (Матай 4:1-11) жана Петирдин тили аркылуу (Матай 16:21-23) айкаш жыгачтан кайтарууга аракет кылганы бекеринен эмес эле. Айкаш жыгач шайтандын кыйрашынын куралы болгон. Ыйса аны кантип кыйратты?

Эврейлер 2:14-аятта шайтан «өлүм бийлигине» ээ экени айтылат. Бул шайтандын өлүмдү коркунучтуу кылууга күчү бар дегенди билдирет. «Өлүм бийлиги» – адамдарды өзүнүн коркунучу астында кулчулукта кармаган бийлик. Ал – өлүм үрөй учурарлык нерсе катары көрүнүшү үчүн, адамдарды күнөөкөр бойдон кармап турган күч.

Бирок Ыйса шайтанды бул бийлигинен ажыратты. Ал аны куралсыздандырды.

Бизге шайтандын айыптоосунан коргой алган адилдиктин соотун кийгизди. Ал муну кантип ишке ашырды?

Өзүнүн өлүмү аркылуу, Ал бизди бардык күнөөлөрүбүздөн тазалады. Ал эми күнөөсү жок адамды шайтан айыптай албайт. Кечирилгенден кийин, биз акыры жок кылынбай турган болуп калдык. Шайтандын планы Кудайдын Өзүнүн сот залында Анын жолдоочуларын айыптап, Кудайдын башкаруусун жок кылуу болгон. Бирок азыр Машаяктын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт. Шайтандын чыккынчылыгы жокко чыгарылды. Анын ааламдык чыккынчылыгы толугу менен ишке ашпай калды. Бир ырда айтылгандай, «биз анын каарын көтөрө алабыз, анткени анын кыйрашы анык». Айкаш жыгач ага өлүм соккусун тийгизди. Андыктан анын өлөр күнүнө аз калды.

Ыйсанын туулган күнү бизди эркиндикке чыгарды. Өлүмдөн коркуу сезиминен бошотту.

Ыйса Бейт-Лехемде биз сыяктуу болуш үчүн денеге ээ болду, Иерусалимде биз үчүн Өз жанын берди – мунун баарын бүгүнкү күндө биз өз шаарыбызда коркпой жашашыбыз үчүн жасады. Ооба, коркпой жашашыбыз үчүн. Эгер менин кубанычыма эң чоң коркунуч туудурган нерсе жок кылынган болсо, анда мен эмнеге кичинекей нерселер үчүн сарсанаа болмок элем? Чын эле, сиз: «Ооба, мен өлүмдөн коркпойм, бирок жумушумду жоготуп алуудан корком» – деп кантип айтмак элеңиз? Жок. Жок. Минтип айтуудан мурун ойлонуп көрүңүз!

Эгерде өлүм (мен өлүм деп айттым! Жүрөк согушу токтогон, суук, артка жол жок өлүм) мындан ары коркунуч туудурбаса, анда биз эркинбиз, чындап эле эркинбиз. Машаяк жана сүйүү үчүн күн астындагы бардык тобокелдерге барууга эркинбиз. Мындан ары тынчсыздануунун кулу эмеспиз. Эгерде Уул сизди эркиндикке чыгарса, анда чындап эле эркинсиз!

«Ыйсанын туулган күнү жана Голгофа аркылуу эркиндикке чыкканбыз» аттуу насаат сөздөн үзүндү.