18-декабрь: Ыйсанын туулган күнү миссиялар үчүн үлгү

Jakshy Kabar Media

18-декабрь: Ыйсанын туулган күнү миссиялар үчүн үлгү

Жон Пайперден насаат сөз

«Сен Мени бул дүйнөгө жибергендей эле, Мен да аларды бул дүйнөгө жибердим».

Жакан 17:18

Ыйсанын туулган күнү миссиялар үчүн үлгү. Миссиялар Ыйсанын туулган күнүнүн күзгүсү. Ыйсанын башынан эмнелер өткөн болсо, менин да, сиздин да башыңыздан ошол нерселер өтөт.

Коркунучту мисалга алалы. Машаяк Өз элине келди, бирок Өз эли Аны кабыл алган жок. Сизди да кабыл алышпайт. Ага каршы жийиркеничтүү аракеттерди жасашкандай эле, сизге каршы да жийиркеничтүү аракеттерди жасашат. Анын туруктуу үйү болбогондой эле, сиздин да туруктуу үйүңүз болбойт. Алар Ага жалган жалаа жабышкандай эле, сизге да жалган жалаа жабышат. Аны сабап, шылдыңдашкандай эле, сизди да сабап, шылдыңдашат. Ал үч жылдык кызматынан кийин көз жумгандай эле, бул нерсе сиздин башыңызга да келет.

Бирок Ыйса булардан да жаман коркунучтан аман калгандай эле, сиз да аман каласыз.

16-кылымдын ортолорунда жашап өткөн миссионер Фрэнсис Ксавье (1506–1552) Малакалык (азыркы Малайзиянын бир бөлүгү) Перес атага өзүнүн Кытайдагы миссиясынын коркунучтары жөнүндө мындай деп жазган:

«Коркунучтардын эң коркунучтуусу – бул Кудайдын ырайымына болгон таянууну жана бекем ишенимди жоготуу… Кудайга ишенбестик Анын бардык душмандары биргеликте жараткан көзгө көрүнгөн жамандыктан алда канча коркунучтуу нерсе болмок, анткени Кудайдын уруксатысыз шайтандар да, алардын кызматчылары да бизге эч кандай тоскоолдук кыла алышпайт».

Миссионер туш боло турчу эң чоң коркунуч – өлүм эмес, Кудайдын ырайымына ишенбестик. Эгер бул коркунучка кабылбасаңыз, анда калган коркунучтардын бардыгы өзүнүн күчүн жоготот.

Акырында Кудай ар бир канжарды биздин колубуздагы бийлик таягына айлантат. Джеймс Вуди Александр айткандай: «Азыркы эмгектин ар бир көз ирмеми – миллион кылымдык даңк менен сыйланат».

Машаяк Кудайга ишенбестик кылуу коркунучунан аман калды. Мына ошондуктан Кудай Аны жогору даңазалаган! Сизди да даңазалайт.

Ушул Теңирдин туулган күнүнө даярдык убагында Анын туулган күнүнүн миссия үчүн болгон үлгүсүн эске тутуңуз. Мендей эле сиз да ошондой кылыңыз. Ал миссия коркунуч дегенди билдирет. Эң чоң коркунуч – Кудайдын ырайымына ишенбестик. Эгер Кудайга ишенбестик азгырыгына кабылсаңыз, анда баарынан айрыласыз. Эгер Кудайга ишенбестик азгырыгынан арылсаңыз, анда сизге түбөлүккө эч нерсе зыян келтире албайт.

«Коркунучтуу Миссия» аттуу насаат сөздөн үзүндү.