17-декабрь: Элестетүүгө мүмкүн болгон эң улуу куткарылуу

Jakshy Kabar Media

17-декабрь: Элестетүүгө мүмкүн болгон эң улуу куткарылуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл жана Жүйүт менен жаңы келишим түзөм».

Жеремия 31:31

Кудай акыйкаттуу, ыйык жана биздей күнөөкөрлөрдөн бөлөк жашайт. Ыйсанын туулган күнүндө жана башка бардык маалдарда биз ушундай негизги көйгөйгө туш болобуз. Биз акыйкаттуу жана ыйык Кудай менен мамилебизди кантип оңдой алабыз?

Бирок Кудай ырайымдуу жана Ал Жеремия 31-бөлүмдө (Машаяктан беш жүз жыл мурун) бир күнү жаңы бир иш кыларын убада кылган. Ал көлөкөнү Машаяктын Чындыгы менен алмаштырмак (Эврейлер 10:1). Ошондой эле, Ал Өз кудурети менен биздин жашообузга кирип, Өзүнүн эркин биздин жүрөктөрүбүзгө жазмак. Ошондо биз өзүбүздү сырттан бирөө мажбурлагандай сезбей, жүрөгүбүздө өз ыктыярыбыз менен Аны сүймөкпүз, Ага ишеним артмакпыз жана Аны ээрчимекпиз.

Ошондо мүмкүн болгон эң улуу куткаруу иши ишке ашмак, себеби ошондо Кудай бизге ааламдагы эң чоң Чындыкты сунуш кылмак жана ошол Чындыкты тааныганга бизге ичибизден түрткү бермек. Биз андан ырахат алып, толук эркиндик эмне экенин билип, эң чоң ырахатка бөлөнмөкпүз. Ошол белек Ыйсанын туулган күнүндөгү ырларыбызга арзымак.

Кудайдын жаңы келишими өзүнө дал ушундай убаданы камтыйт. Бирок ортодо чоң тоскоолдук бар. Ал – биздин күнөөбүз. Биз өз мыйзамсыздыктарыбыздын айынан Кудайдан бөлүнүп калганбыз.

Анда ыйык жана акыйкаттуу Кудай канткенде биздей күнөөкөрлөргө ушунчалык чоң ырайым кылып, ааламдагы эң чоң Чындыкты (Өз Уулун) бере алат жана бизди эң чоң кубанычка бөлөй алат?

Жооп мындай: Кудай биздин күнөөлөрүбүздү Өз Уулунун мойнуна жүктөдү жана ошол жерде аларды соттоду. Натыйжада Ал бизди күнөөкөр деп эсептебей, Өз акыйкаттыгына жана ыйыктыгына каршы иш кылбай, бизге ырайым кыла ала турган болуп калды. Эврейлер 9-бөлүм 28-аятта: «Көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машаяк Өзүн бир ирет курмандыкка берди», – деп айтылат.

Машаяк өлгөндө, биздин күнөөлөрүбүздү Өз денесине алды (1 Петир 2:24). Биздин ордубузга соттолду (Римдиктер 8:3). Бизге карата коюлган айыптоону жок кылды (Римдиктер 8:1). Демек, эми биз күнөөлөрүбүздөн арылдык (Элчилердин иштери 10:43). Кудай бизди айыптоо үчүн, аларды негиз катары колдонбойт. Ушундай мааниде Ал күнөөлөрүбүздү «эстебейт» (Жеремия 31:34). Машаяк Өз өлүмү менен аларды жок кылды.

Демек, эми Кудай Өз акыйкаттыгы менен биздин жашообузда Өзүнүн жаңы келишиминдеги сөз менен сүрөттөп бере алгыс улуу убадаларды берекелүү түрдө ишке ашыра алат. Бизге ааламдагы эң улуу Чындык болгон Машаякты берип, бизди кубанычка бөлөй алат. Биз чын жүрөгүбүз, өз ыктыярыбыз жана кубаныч менен Машаякты сүйүп, Ага ишеним артып, Аны ээрчий алышыбыз үчүн, Ал Өзүнүн эркин – Өзүнүн жүрөгүнүн каалоосун – биздин жүрөктөрүбүзгө жаза алат.

«Ыйса: жакшыраак келишимдин арачысы. 2-бөлүк» аттуу насааттан үзүндү.