16-декабрь: Кудайдын эң ийгиликсиз көрүнгөн ийгиликтери

Jakshy Kabar Media

16-декабрь: Кудайдын эң ийгиликсиз көрүнгөн ийгиликтери

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди. Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, “Ыйса Машаяк – Теңир, Кудай Атанын даңкы” деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды».

Филипиялыктар 2:9-11

Ыйса төрөлгөндө Кудайдын ийгиликсиз көрүнгөн эң ийгиликтүү иши башталган. Кудай адамдардын көзүнө ийгиликсиз сыяктуу көрүнгөн нерселер аркылуу Өзүнүн кудуретин көрсөтүүнү дайыма туура көрүп келген. Ал стратегиялык жеңиштерге жетүү үчүн, атайын артка чегинет.

Байыркы Келишимде Жакыптын он эки уулунун бирөөсү болгон Жусупка түш аркылуу атак-даңк жана бийлик убада кылынган эле (Башталыш 37:5-11). Бирок ошол жеңишке жетүү үчүн, ал Мисирде кул болгонго мажбур болгон. Анысы аз келгенсип, кулчулукта чынчылдыгынын айынан жагдайы бир аз жакшырганда, башы ого бетер балээге батып, түрмөгө камалган.

Бирок Кудай ушундай боло турган кылып койгон эле. Жусуптун өзүнө, анын бүтүндөй үй-бүлөcүнө жана акыр-аягы бүт дүйнөгө жакшы болушу үчүн, Кудай ушундай жолду тандаган эле! Себеби ошондон кийин Жусуп түрмөдө падышанын бир кызматчысына жолуккан. Ошол адам акыры Жусупту падышанын алдына алып барган. Падыша болсо аны Мисирдин үстүнөн башкаруучу кылып койгон. Ошентип, акыры анын түшү орундалган. Агалары анын алдына жыгылып, таазим кылышкан, ал болсо агаларын ачкачылыктан аман алып калган. Жусуп такыр ойго келбеген жол менен даңкка жеткен!

Бирок Кудай ушундай жолду колдонот. Алтургай, Анын Уулуна да ушундай болгон. Ал Өзүн толугу менен басынтып, кул кейпин кийген. Андан да жаманы, кылмышкер эсептелип, колго түшүрүлүп, өлүмгө кыйылган. Бирок Жусупка окшоп, Ал да адамдык сапатын жоготкон эмес.
«Андыктан Кудай Анын зоболосун
Көтөрүп, эң жогорку ысым берди,
Ысымдардын баарынан бийик турган.
Ошентип, көктөгүлөр, жердегилер,
Түпкүрүндө бул жердин болгондор да
Чөгөлөп, Ыйса алдына келет баары» (Филипиялыктар 2:9-10; КИ котормосу).

Кудай биздин жашообузда да ушундай жол менен иштейт. Бизге даңк убада кылынган, бирок бул үчүн Аны менен чогуу азап чеккенге даяр болушубуз керек (Римдиктер 8:17). Өйдө көтөрүлүү үчүн, төмөн түшүшүбүз керек. Алдыга илгерилөө үчүн, артка чегинүү керек. Ийгиликке жетүү үчүн, Кудай даярдап койгон ийгиликсиздерди башыбыздан кечиришибиз керек. Андай убактарда биз дайыма өзүбүздү жеңилгендей сезебиз.

Бирок бул майрамда Жусуп жана Ыйсадан төмөнкүдөй сабак үйрөнсөк болот: Шайтан жана күнөөкөр адамдар жамандык ойлогон, бирок «Кудай аны жакшылыкка айлантты» (Башталыш 50:20).

Коркпогула, кайраттангыла, ыйыктар
Үрөйүңөрдү учурбасын кара булуттар.
Зыянын силерге жамандык тийгизбейт,
Ырайым менен бата асмандан себелейт.

«Жусуп жана Ыйса: Кудайдын ийгиликтүү ийгиликсиздиктери» аттуу насааттан үзүндү.