15-декабрь: Ыйсанын туулган күнүндөгү өмүр жана өлүм

Jakshy Kabar Media

15-декабрь: Ыйсанын туулган күнүндөгү өмүр жана өлүм

Жон Пайперден насаат сөз

«Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим».

Жакан 10:10

Мен бул насаат сөздү жазып баштайын деп жатканымда, Марион Нюстром деген бир тууганыбыз өтүп кетти деген кабар келди. Марион жана анын күйөөсү Элмер биздин жыйындагы көпчүлүк мүчөлөр төрөлө электен бери эле биздин жыйыныбыздын мүчөлөрү болуп келген эле. Марион 87 жашта эле. Күйөөсү менен 64 жыл чогуу жашаган эле.

Мен Элмерге «Теңирде кайрат кылыңыз жана жашоодон үмүт үзбөңүз» деген сөздөрдү айтканымда, ал мага: «Ыйса бизге чыныгы дос болуп келди», – деп жооп берди. Мен бардык машаякчылар өмүрлөрүнүн аягында «Машаяк мага чыныгы дос болуп келди» деген сөздөрдү айта алса экен деп сыйынам.

Жыл сайын Теңирдин туулган күнүнө даярданган убакта мен өзүмдүн апам өткөн күндү эскерем. Ал 56 жашында Израилде жол кырсыгынан капысынан каза болуп калган. Ал күн 1974-жылдын 16-декабры болчу. Бүгүнкү күнгө чейин ошол күндөр көз алдымдан кетпейт. Эгерде мен өзүмө жол берсем, менин уулдарым апамды көрбөй калды деген ойлорго алдырып, оңой эле ыйлап киришим мүмкүн. Апамды Ыйсанын туулган күнүнөн бир күн өткөндөн кийин жерге бердик. Ыйсанын ошол туулган күнү эмне деген баалуу майрам болуп калды!

Теңирдин ушул жылкы туулган күнүндө көпчүлүгүңөр мурунку жылдарга караганда оор жоготууңарды көбүрөөк сезишиңер мүмкүн. Андай сезимдерди ичиңерде кармабагыла. Сыртка чыгаргыла. Четке какпагыла. Бизге сүйүү бул өмүрдө жана өлүм убагында жакын адамдарыбызга көрсөтүшүбүз үчүн берилген эмеспи! Бирок кайгыга чөкпөгүлө. Ызалансак, өзүбүздү өзүбүз кайгыга жана туңгуюка түрткөн болобуз.

Ыйса биз түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн бул дүйнөдө төрөлгөн. «Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим» (Жакан 10:10). Элмер менен Марион өмүрлөрүнүн акыркы жылдарын кайсыл жерде өткөргүсү келгени жөнүндө мурун сүйлөшүшкөн экен. Ал жөнүндө Элмер мындай деди: «Марион экөөбүз биздин акыркы үйүбүз Теңир менен чогуу болгон жер болот деп чечкен элек».

Үйүңүздү сагындыңызбы? Алдыдагы майрам күндөрүндө биздин үйүбүзгө өз үй-бүлөбүздүн мүчөлөрү келишет. Бул жагымдуу нерсе. Менимче мындай жагымдуу сезимдерге ээ болгонубуздун негизги себеби биз өз конокторубуз менен бирге акыр-аягы чыныгы Үйүбүзгө барарыбызды жүрөгүбүздүн түпкүрүндө билгенибизде. Ага чейин кайсыл гана үйүбүздө чогулбайлы, асмандагы чыныгы үйүбүздү эстеп, тамшанган гана болобуз. Тамшануу жакшы.

Бирок тамшануунун өзүнө ыраазы болуп отура бербешибиз керек. Ушул майрамдагы жагымдуу нерселер акыркы, улуу, толук канааттануу берген жана жаныбызды чындап жыргаткан чыныгы Үйүбүздүн ордун ээлеп албашы керек. Бул дүйнөдөгү ар бир жоготуу жана ар бир кубанычтуу учур сиздин жүрөгүңүздү асмандагы үйүңүзгө болгон сагынычка бөлөсүн.

Ыйсанын туулган күнүнүн маңызы эмнеде? «Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим» деген сөздөрдө эмеспи? Марион Нюстром, Рут Пайпер, мен жана сиз сыяктуу адамдар азыр жана түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн, Ыйса төрөлгөн.

Түбөлүк өмүрдүн суусунан моокумуңузду кандырып, алдыдагы майрамда азыркы өмүрүңүздү маңызга толтуруңуз. Ал суу сизге ушунчалык жакын.

«Ыйсанын туулган күнүндөгү өмүр жана өлүм» аттуу насааттан үзүндү.