14-декабрь: Машаяк Өз эли үчүн чындыкты ишке ашырды

Jakshy Kabar Media

14-декабрь: Машаяк Өз эли үчүн чындыкты ишке ашырды

Жон Пайперден насаат сөз

«Бул Башкы ыйык кызмат кылуучу мурункудан жогору кызматты алды, Ал – мурункудан жакшы келишимдин арачысы, ал келишим мурункудан жакшы убадаларга негизделген».

Эврейлер 8:6

Эврейлер 8-бөлүм 6-аятта айтылгандай, Машаяк – жаңы келишимдин арачысы. Муну кандай түшүнсөк болот? Кеп Анын каны – келишимди бекиткен кан (Лука 22:20; Эврейлер 13:20) – акыры биз үчүн Кудайдын убадаларын биротоло ишке ашырганы жөнүндө болуп жатат.

Кеп жаңы келишимдин убадаларына ылайык, Кудай Машаяктын Руху аркылуу биздин жүрөгүбүздү өзгөрткөнү жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле, кеп Кудай биздин ичибиздеги бул өзгөрүүнү ишеним – Өзүн бизге Машаяк аркылуу ачып берген Ага жана Ал сунуш кылган бардык нерселерге болгон ишеним аркылуу ишке ашырары жөнүндө болуп жатат.

Жаңы келишим Машаяктын канынын баасы менен бекитилген, Машаяктын Руху менен ишке ашырылган жана Машаякка болгон ишеним аркылуу бизге таандык болуп калды.

Эврейлер 13-бөлүм 20-21-аяттарда Машаяктын жаңы келишимде кандай арачылык иш кылганы эң жакшы сүрөттөлөт:

«Өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Ыйса Машаяк аркылуу силерде Өзүнө жага турганды жаратып, силерди ар кандай жакшы ишке жөндөмдүү кылсын. Ал кылымдан кылымга даңктала берсин! Оомийин».

«Силерде Өзүнө жага турганды жаратып» деген сөздөр Кудай жаңы келишимге тиешелүү мыйзамды биздин жүрөктөрүбүзгө жазганда натыйжада биздин ичибизде Ага жаккан өзгөрүлүү ишке ашарын билдирет. Ал эми «Ыйса Машаяк аркылуу» деген сөздөр биздин ичибиздеги кудуреттүү ырайымдын мындай даңктуу ишин Арачы катары Ыйса ишке ашырарын билдирет.

Демек, Ыйсанын туулган күнү Кудай көлөкөнү Чындык менен алмаштырганын эле эмес, ошол Чындыкты Өзүнүн элине тиешелүү кылып койгонун да билдирет. Бул чындыкты Ал биздин жүрөктөрүбүзгө жазды. Мындайча айтканда, Ал Ыйсанын туулган күнүндөгү куткарылуу жана өзгөрүлүү белегин бизди өз күчү менен алсын деп балатынын түбүнө коюп койгон жок. Ал аны Өзү алып, биздин жүрөгүбүзгө жана акылыбызга салып койду жана кепилдик катары бизге «Кудайдын баласы» деген мөөр басып койду.

«Ыйса – жакшыраак келишимдин арачысы, 1-бөлүк» аттуу насааттан үзүндү.