13-декабрь: Чыныгы ыйык жай

Jakshy Kabar Media

13-декабрь: Чыныгы ыйык жай

Жон Пайперден насаат сөз

«Биз айтып жаткандардын эң башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оң жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар. Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу… Алар асмандагынын бейнеси менен көлөкөсүнө кызмат кылышат. Муса жыйын чатырын курууга киришкенде, ага Кудай тарабынан мындай деп айтылган: “Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса”».

Эврейлер 8:1-2, 5

Буга чейин бул жөнүндө сөз кылдык. Бирок сөз кыла турган дагы көп нерсе бар. Теңирдин туулган күнү – бул чындык келгенде көлөкөнүн жок болушу.

Эврейлер 8-бөлүм 1-2, 5-аяттары кыска-нуска корутундуланган ырастоо десек болот. Бул үзүндүдө негизги ой төмөнкүдөй: биз менен Кудайдын ортосунда арачылык кылган, биздин Кудай менен болгон мамилебизди оңдогон жана биз үчүн Кудайга сыйынган ыйык кызмат кылуучу Байыркы Келишимдеги кадимки алсыз, күнөөкөр жана өлө турган адам эмес. Ал – күчтүү, күнөөсүз жана кыйрабас өмүргө ээ болгон Кудайдын Уулу.

Анын үстүнө, Ал жердеги көлөмү чектелген, күбө жеп эскирген, күндүн ысык-суугуна дуушар болгон, өңү өчүп жыртылган же бирөө уурдап кете алган жыйын чатырында кызмат кылбайт. Эврейлер 8-бөлүм 2-аятта айтылгандай: «Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу». Кеп көлөкө эмес, асмандагы чыныгы жыйын чатыры жөнүндө болуп жатат. Муса Синай тоосунда ушул чыныгы ыйык жайдын көлөкөсүн көрүп, көчүрмөсүн алган.

Эврейлер 8-бөлүм 1-аятка ылайык, чыныгы ыйык жайды көлөкөгө караганда улуураак кылып турган дагы бир укмуш нерсе бар: биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз асманда «Улуулуктун тактысынын» оң жагында отурат. Байыркы Келишимдеги эч бир ыйык кызмат кылуучу өзү жөнүндө мындай нерсени айта алган эмес.

Ыйса Кудай Ата менен жүзмө-жүз көрүшөт. Ал Кудайдын жанында сыйлуу жерде отурат. Аны Кудай чексиз сүйөт жана урматтайт. Ал дайыма Кудайдын жанында. Ал жерде чындыктын көлөкөсү гана болгон пардалар, идиштер, үстөлдөр, шамдар, жиптер, (кийимдин этегиндеги) чачылар, курмандыкка чалынган койлор, эчкилер жана көгүчкөндөр жок. Ал жер – түбөлүктүү жана чыныгы ыйык жай: ал жерде Кудай жана Анын Уулу сүйүү жана ыйыктыкта бири-бири менен мамиледе болуп, биздин түбөлүктүү куткарылуубузду ишке ашырат.

Чыныгы жана түбөлүктүү ыйык жайда Ата, Уул жана Ыйык Рух бири-бири менен мамилелешип, кун төлөнүп куткарылган элдин арасында Өздөрүнүн улуулугу, ыйыктыгы, сүйүүсү, акыйкаттыгы, жакшылыгы жана чындыгы кандайча орун алышы керектиги жөнүндө сүйлөшүшөт.

«Биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз – Түбөлүктүү жана Жеткилең Кудайдын Уулу» аттуу насааттан үзүндү».