12-декабрь: Көлөкөлөрдүн ордун баскан дене

Jakshy Kabar Media

12-декабрь: Көлөкөлөрдүн ордун баскан дене

Жон Пайперден насаат сөз

«Биз айтып жаткандардын эң башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оң жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар. Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу».

Эврейлер 8:1-2

Эврейлерге жазылган каттагы негизги ой төмөнкүдөй: Кудайдын Уулу Ыйса Машаяк жөн эле эң жакшы жана акыркы адам ыйык кызмат кылуучу катары жердеги курмандык чалуу системасынын бир бөлүгү болуп калуу үчүн эмес, ошол системаны аягына чыгаруу жана бүтүрүү үчүн, айкаш жыгачта биз үчүн чалынган акыркы курмандык болуу жана андан соң асманда биздин акыркы Башкы ыйык кызмат кылуучубуз болуу аркылуу биздин көңүлүбүздү толугу менен Өзүнө буруу үчүн келди.

Байыркы Келишимдеги жыйын чатыры, ыйык кызмат кылуучулар жана курмандыктар көлөкө гана болгон. Эми чындык келди жана көлөкө жок болду.

Ыйсанын туулган күнүнө даярданган убакытты жаш балдарга төмөнкү мисалдын жардамы менен түшүндүрүп берсек болот. Бала кезде жыйынга барып жүргөн болсок, ал биздин да эсибизде болсо керек: Азык-түлүк дүкөнүндө жүргөндө, апаңарды таппай калганыңарды элестеткиле. Анан эмне кыласыңар? Коркуп, үркүп, каякка барарыңарды билбей, текчелерди аралап, дүкөндүн бул башынан аркы башына чуркайсыңар. Анан ыйлап кирейин дегенде, текчелердин аркы башында апаңардыкына окшогон көлөкөнүн жерге түшкөнүн байкайсыңар. Аны көрүп сүйүнүп: «Чын эле апам болсо экен!» – деп үмүттөнөсүңөр. Бирок кайсынысы жакшыраак? Көлөкөнү көрүп сүйүнүп отура бергениңерби же апаңардын текчелердин аркы башынан башын багып, көзүңөргө көрүнгөнүбү?

Ыйса да биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз болуу үчүн келгенде, ушундай нерсе болгон. Анын туулган күнүнүн маңызы ушунда. Анын туулган күнү чындык келгенде көлөкөнүн жоголгонун: дүкөндө апасы текчелердин аркы башынан баш бакканда, жаш баланын сооронгонун, сүйүнгөнүн жана кубанычка бөлөнгөнүн билдирет.

«Биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз – Түбөлүктүү жана Жеткилең Кудайдын Уулу» аттуу насааттан үзүндү.