11-декабрь: Ыйса эмне үчүн келди?

Jakshy Kabar Media

11-декабрь: Ыйса эмне үчүн келди?

Жон Пайперден насаат сөз

«Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду. Ал Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн, өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду».

Эврейлер 2:14-15

Ушул аяттар Ыйсанын туулган күнүнө даярданган убакка тиешелүү мен эң жакшы көргөн аяттар болсо керек, себеби мен Ыйсанын жердеги жашоосунун башы менен аягын – Анын адам болуп келиши менен айкаш жыгачта курман болушун бири-бирине ушунчалык так байланыштырган башка жерди билбейм. Бул эки аят Ыйса кандай максат менен келгенин: Ал өлүү үчүн келгенин так түшүндүрөт. Ишенбеген досторубузга же үй-бүлөбүздүн мүчөсүнө Ыйсанын туулган күнү жөнүндөгү өзүбүздүн түшүнүгүбүздү иреттүү түрдө айтып берип, аларды ишенимге алып келүү үчүн, ушул аяттарды колдонсок эң сонун болот. Бул үчүн ар бир сүйлөмдү төмөнкүдөй кылып өзүнчө түшүндүрүп берсеңиз болот:

«Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан…»

«Балдар» деген сөз мурунку аяттан алынган жана Машаяктын рухий тукумун билдирет (Ышайа 8:18; 53:10). Бул балдар «Кудайдын балдары» болуп саналат (Жакан 1:12). Демек, Кудай Машаякты бул дүйнөгө Өзүнүн «балдарын» куткаруу үчүн жөнөткөн. «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун [Ыйсаны] берди» деген сөздөр чын (Жакан 3:16). Бирок Кудай айрыкча Өзүнүн «чачырап кеткен балдарын чогултуу үчүн» ушундай кылганы да чын (Жакан 11:52). Кудайдын максаты Машаякты бул дүйнөгө сунуш кылуу жана Өзүнүн «балдарын» куткаруу болгон (1 Тиметей 4:10). Сен Машаякты кабыл алсаң, Кудай сени бала кылып алганын башыңдан кечиресиң (Жакан 1:12).

«Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду…»

Бул сөздөр Машаяк адам болуп келгенге чейин эле бар болгонун билдирет. Ал рух болгон. Түбөлүктүү Сөз болгон. Ал Кудай менен болгон жана Кудай болгон (Жакан 1:1; Колостуктар 2:9). Бирок Ал эт менен кандан турган денеге ээ болду – Өзүнүн кудайлык табиятынын үстүнөн адамдын табиятын кийди. Ал толук адам болуп калды, бирок ошол эле учурда толук Кудай бойдон кала берди. Көп жагынан бул улуу сыр болуп саналат. Бирок бул чындык биздин ишенимибиздин маңызын түзөт жана Ыйык Китеп ушул чындыкты үйрөтөт.

«Ал Өз өлүмү менен…»

Анын адам болуу максаты өлүү болгон. Кудай катары ал күнөөкөрлөр үчүн өлө алмак эмес. Бирок адам катары өлө алмак. Анын максаты өлүү болгон. Ошондуктан Ал адам болуп төрөлүшү керек эле. Ал өлүш үчүн төрөлгөн. Анын туулган күнүнүн маңызы жума күнү айкаш жыгачка кадалышында. Ыйсанын туулган күнүн майрамдоонун мааниси ушунда экенин бүгүнкү күндөгү көпчүлүк адамдар угушу керек.

«…өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн…»

Машаяк Өз өлүмү менен шайтанды күчүнөн ажыраткан. Кандайча? Бардык күнөөлөрдүн кунун төлөө аркылуу. Демек, эми Кудайдын алдында бизди айыптаганга шайтандын колунда мыйзамдуу негиз жок. «Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Өзү актайт» (Римдиктер 8:33). Ал эмненин негизинде актайт? Ыйсанын канынын негизинде (Римдиктер 5:9). Шайтан бизге каршы колдонгон эң күчтүү курал – бул биздин өзүбүздүн күнөөбүз. Эгерде Ыйсанын өлүмү бизди күнөөбүздөн арылтса, демек шайтан өзүнүн колундагы бизди өлүмгө дуушар кыла алган жалгыз жана эң негизги куралынан ажырады. Эми ал бизге өлүм өкүмүн чыгартуу үчүн эч кандай далилдерди келтире албайт, себеби Сот бизди Өзүнүн Уулунун өлүмү аркылуу актады!

«…өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду».

Демек, биз өлүм коркунучунан бошондук. Кудай бизди актады. Шайтан Кудайдын өкүмүн өзгөртө албайт. Ал эми Кудай биздин мындай түбөлүктүү коопсуздугубуздун биздин жашообузга азыртан эле таасир бере башташын каалайт. Биз акыр-аягы бактылуу болуп жашай турган болсок, анда ошол кубанычыбыз эмитен эле бизди кулчулуктан жана өлүм коркунучунан бошотушу керек. Кудай ушуну каалайт. Эгерде бизде өзүбүздүн эң акыркы жана эң күчтүү душманыбыз болгон өлүмдөн коркконго себеп жок болсо, анда биз башка эч нерседен коркпошубуз керек. Биз эркин болсок болот. Кубаныч үчүн, башкалар үчүн эркин болсок болот. Ыйсанын туулган күнүндө Кудай бизге ушундай улуу белек берген! Биз да бул белекти дүйнөгө тартуулайбыз!

«Машаяк биздин эркиндигибиз үчүн өлүү үчүн төрөлгөн» аттуу насааттан үзүндү.