10-декабрь: Алтын, ладан жана смирна

Jakshy Kabar Media

10-декабрь: Алтын, ладан жана смирна

Жон Пайперден насаат сөз

«Жылдыздын токтогонун көргөндө, даанышмандар аябай сүйүнүп кетишти. Анан алар үйгө кирип, Наристени жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып, Ага таазим кылышты. Сандыкчаларын ачып, Ага ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын тартуу кылышты».

Матай 2:10-11

Кудай бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт (Элчилердин иштери 17:25). Даанышмандар белектерин жардам же муктаждыкты канааттандыруу катары тартуулашкан эмес. Эгерде чет элдик коноктор падышаны көргөнү келгенде, ага гуманитардык жардам беришсе, анын кадыр-баркын түшүргөн болмок.

Бул белектер пара катары да берилген эмес. Мыйзамды кайталоо 10-бөлүм 17-аятта: «Кудай белек [б.а. пара] албайт», – деп айтылган. Анда бул белектер эмнени билдирет? Булардын табынууга кандай тиешеси бар?

Бай жана бүт нерсеси жетиштүү болгон адамга белек берген адамдар ал адамга канчалык суктангандыгын көрсөтүү үчүн ушундай кылышат. Кандайдыр бир мааниде, Машаякка белек берүү орозо тутууга барабар. Машаяк үчүн бир нерсебизди бергенге (же бир нерсебизден айрылганга) даяр болсок, Машаяк ошол нерседен да баалуу экенин көрсөткөн болобуз.

Сиз Машаякка ушундай белек бергениңизде, мындай деп айткан болосуз: «Менин каалаганым – Сени менен соодалашып, өзүмдүн кызматымдын акысына Сенден байлык алып, ошого сүйүнүү эмес (Байкаңыз: «Жылдыздын токтогонун көргөндө, даанышмандар аябай сүйүнүп кетишти» Матай 2:10). Мен Сага бир нерсе алам деген ниет менен эмес, Сенин Өзүңдү көрүү ниети менен келдим. Менин ушул каалоом күч алып, Сенден бир нерсе алуудан эмес, Сенин Өзүңдөн көбүрөөк ырахат алам деген үмүт менен, башка нерседен баш тартып жатам. Сен муктаж эмес болсоң да, мен өзүмө жаккан нерселерди Сага берүү аркылуу: “Менин байлыгым башка нерселер эмес, Cенсиң”, – деп чын жүрөктөн жана жан-дилим менен айткым келет».

Менин оюмча, Кудайга алтын, ладан жана смирна белектерин (же башка өзүбүз бергибиз келген белектерди) тартуулап, таазим кылуунун мааниси ушундай.

Кудай бизде Машаяктын Өзүнө болгон каалоону ойготсун. Чын жүрөгүбүздөн: «Ыйса Теңир, Сен Ысрайылдын Падышасы, Машаяксың. Бардык элдер келип, Сенин алдыңда таазим кылышат. Кудай бүт дүйнөнү башкарып, Сага табынгандай кылат. Ошондуктан, эч бир каршылыктарга карабай, Сенин бийлигиңди жана кадыр-баркыңды кубаныч менен кабыл алып, Сен гана менин жүрөгүмдү канааттандыра аласың деп, белектеримди Сага алып келем», – деп айта алгандай бололу.

«Биз Ага таазим кылганы келдик» аттуу насаат сөздөн үзүндү.