9-декабрь: Ыйсага каршы чыгуунун эки түрү

Jakshy Kabar Media

9-декабрь: Ыйсага каршы чыгуунун эки түрү

Жон Пайперден насаат сөз

«Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү».

Матай 2:3

Ыйса Өзүнө табынгысы келбеген адамдардын тынчын кетирет жана табынгысы келгендерге карата башка адамдар тарабынан каршылык жаратат. Бул, балким, Матайдын айтайын деген негизги ою эмес, бирок окуянын андан ары уланышынан ушундай тыянак чыгарганга мажбур болобуз.

Бул окуяда Ыйсага табынгысы келбеген эки түрдөгү адамдар бар.

Биринчи түрү – Ыйса менен иши жок адамдар. Алардын жашоосунда Ыйса эч мааниге ээ эмес. Бул топтогу адамдарга Ыйсанын өмүрүнүн алгачкы маалындагы башкы дин кызматкерлер жана мыйзам окутуучулар кирет. Матай: «Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: “Машаяк кайсы жерде төрөлүшү керек эле?” – деп сурады», – дейт (Матай 2:4). Алар ага жооп беришти. Алардын кылганы ушул эле болду. Анан андан ары ар кимиси кадимкидей күнүмдүк жумуштары менен кайрадан алек болушту. Башкаруучулардын ушундай абдан маанилүү окуяга карата эч кандай чара көрбөй, такыр ооз ачпаганы адамды катуу таң калтырат.

Матайдын эмне дегенин байкаңыз: «Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү» (Матай 2:3). Башкача айтканда, элдин арасында бирөөлөрдүн «Машаяк төрөлдү!» деп айтканы тууралуу кабар тараган. Бирок башкы ыйык кызмат кылуучулардын буга карата эч кандай иш-чара көрбөгөндөрү өтө таң калыштуу: Алар эмне үчүн даанышмандар менен чогуу барышкан жок? Анткени алар кызыкдар эмес эле. Алар Кудайдын Уулун издөөгө жана Ага табынууга ынтызар эмес болчу.

Ыйсага табынгысы келбеген адамдардын экинчи түрү – Ыйсадан катуу корккон адамдар. Бул окуяда Ирод ошондой адам. Ал Ыйсадан ушунчалык чоочулагандыктан, куулук менен Ыйсаны жок кылуу аракетин көргөн, атүгүл ымыркайларды кырганга чейин барган.

Демек, бүгүнкү күндө Машаякка жана Ага табынгандарга ушул эки топтогу адамдар каршылык көрсөтүшөт. Алар – кайдыгерлик жана кастык көрсөткөн адамдар. Сиз бул топтордун бирине да кирбейсиз деп ишенем.

Эгерде сиз Машаякчы болсоңуз, Ыйса төрөлгөн майрам сиз үчүн Ыйсага табынуу жана Аны ээрчүү деген эмне экени жана анын баасы кандай экени жөнүндө ой жүгүрткөн убакыт болсун!

«Биз Ага таазим кылганы келдик» аттуу насаат сөздөн үзүндү.