8-декабрь: Бетлехемдеги укмуштуу жылдыз

Jakshy Kabar Media

8-декабрь: Бетлехемдеги укмуштуу жылдыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик».

Матай 2:2

Ыйык Китептеги айрым нерселердин кандайча ишке ашканы көпчүлүк учурда бизди таң калтырат жана билгибиз келген суроолордун так жообун бербейт. Окуядагы «жылдыз» даанышмандарды кантип чыгыштан Иерусалимге чейин алып келди?

Бул үзүндүдө ал жылдыз даанышмандарды багыттап же алардын алдында Иерусалимге чейин жол көрсөтүп келди деп айтылбайт. Даанышмандардын жөн гана чыгыштан жылдызды көргөнү (Матай 2:2) жана Иерусалимге келгени айтылат. Матай 2:9-аятта айтылгандай, ошол жылдыз Иерусалимден Бейт-Лехемге чейинки кичинекей сегиз чакырымдык аралыкта алардын алдында кандайча жылып отурду? Анан ал кантип «Наристе жаткан жерге келип токтоду»?

Мунун жообун биз билбейбиз. Көптөгөн адамдар муну планеталардын же кометалардын кошулушуна же жаңы пайда болгон жылдыздарга же кереметтүү жарыктарга салыштыруу аркылуу түшүндүргөнгө аракет кылышат. Бирок биз билбейбиз. Мен сиздин жыйынтыгы болжолдуу гана болгон жана руханий мааниси өтө аз болгон теориялар менен алек болуп, убайым тартууңузду каалабайм.

Сизге эскертүү үчүн, төмөнкүдөй жалпылап айтканга мажбурмун: Жылдыз кандайча жылып отурганы, Кызыл деңиз кандайча бөлүнгөнү, манна кантип түшкөнү, Жунус балыктын ичинен кантип аман чыкканы, ай кантип канга айланганы сыяктуу суроолор менен алектенген адамдар – акыл-эси маанисиз нерселерге толгон адамдар.

Мындай адамдардын Жакшы Кабар терең ачып берген улуу жана эң негизги нерселерге баа бергенин көрбөйсүң. Мисалы, Кудайдын ыйыктыгы, күнөөнүн жамандыгы, адамдын алсыздыгы, Машаяктын өлүмү, ишеним аркылуу гана акталуу, Рухтун ыйыктоочу иши, Машаяктын даңк менен кайра келиши жана акыркы сот сыяктуу нерселер мындайларды кызыктырбайт. Алар ар дайым өздөрүнө жаккан кандайдыр бир жаңы макала же китептер жөнүндө сөз кылып, адамды эң маанилүү нерселерден алаксыткансыйт. Улуу жана эң негизги чындыктар аларды көп деле кубандырбайт.

Ал эми жылдыз маселесиндеги ачык-айкын болгон нерсе – бул анын өз алдынча жасай албаган нерсени жасап жатканы: ал даанышмандарды Кудай Уулуна таазим кылууга багыттаган.

Ыйык Китептик ой жүгүртүүгө ылайык, жылдыздарга атайын бир ниетти аткарттырган Бирөө гана бар: ал – Кудайдын Өзү.

Демек, бул окуядан үйрөнө турган сабагыбыз анык: бөтөн жерликтерди Кудай Өзү Машаякка таазим кылдыруу үчүн жетектеп барган. Ал муну ишке ашыруу үчүн бүткүл дүйнөлүк, атүгүл бүткүл ааламдык таасирди жана күчтү колдонгон.

Лука өз жакшы кабарында Кудай Мариям деген карапайым бир кызды Бейт-Лехемге алып барып, уул төрөтүү аркылуу пайгамбарчылыкты ишке ашыруу үчүн, бүткүл Рим империясына таасирин тийгизип, эл каттоону өз убагында кылганын көрсөтөт. Матай болсо Кудайдын бөтөн жерликтердин чакан тобун Бейт-Лехемге алып келип Уулуна таазим кылдыруу үчүн асмандагы жылдыздарга таасир бергенин көрсөтөт.

Бул – Кудайдын ойлоп тапканы. Муну Ал кылган. Ал муну азыр да жасап жатат. Анын максаты – бардык элдердин Анын Уулуна таазим кылуусу (Матай 24:14).

Кудайдын сиздин иш жериңиздеги, окууңуздагы, жашаган жериңиздеги жана үйүңүздөгү ар бир адам үчүн болгон эрки ушундай. Жакан 4:23-аятта айтылгандай: «Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт».

Матай жазган Жакшы Кабардын башында Кудайдын адамдарды кайра-кайра Машаякты барып көргөнгө чакырганын байкайбыз. Ал эми аягында кабарды башкаларга барып айтууну осуяттайт. Даанышмандар келип көрүштү. Биз барып айтышыбыз керек.

Бирок китепте баштан-аяк өзгөрбөгөн нерсе – бул Кудайдын элдерди Өз Уулуна таазим кылдыруу үчүн чогултуу максаты жана ошону ишке ашырууда көрсөткөн күчү. Бул дүйнө бардык элдер чын дилден Машаякка таазим кылып, Аны даңкташы үчүн бар болуп турат.

«Биз Ага таазим кылыш үчүн келдик» аттуу насаат сөздөн үзүндү.