7-декабрь: Даанышмандар үчүн Машаяк

Jakshy Kabar Media

7-декабрь: Даанышмандар үчүн Машаяк

Жон Пайперден насаат сөз

«Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик».

Матай 2:1-2

Лука жазган Жакшы Кабардан айырмаланып, Матай жазган Жакшы Кабарда акырда жаткан Ыйсаны көргөнү келген койчулар жөнүндө айтылбайт. Матай бүт көңүлдү дароо чыгыштан Ыйсага таазим кылганы келген чет элдиктерге – бутпарастарга жана жүйүт эмес адамдарга бурат.

Демек, Матай Ыйсаны өзү жазган Жакшы Кабарынын башында жана аягында жүйүттөр үчүн гана эмес, бардык элдер үчүн келген жалпы адамзаттын Машаягы катары сүрөттөйт.

Жогорудагы аяттарда биринчи таазим кылганы келгендер Ысрайылдан эмес, Чыгыштан – мүмкүн, Бабылдан келген сыйкырчылар, астрологдор же даанышмандар эле. Алар Эски Келишимдин диний мыйзамдарына ылайык, таза эмес деп эсептелген бутпарастар болгон.

Ошондой эле, Матай жазган Жакшы Кабардын акыркы саптарында, Ыйса Өзүнүн акыркы сөздөрүн мындайча айтат: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла» (Матай 28:18-19).

Бул сөздөр бутпарас болгон биз үчүн Машаякта кубануу жолун гана ачпастан, Анын Машаяк экендигин дагы бир жолу далилдеген, анткени кайра-кайра кайталанган пайгамбарчылыктарда элдер менен падышалар чындап эле Ага келип, дүйнөнүн башкаруучусуна кылгандай таазим кылышары айтылган. Мисалы, Ышая мындай дейт: «Ошондо сенин жарыгыңа элдер келишет, сенин үстүңөн чыгып келе жаткан жаркыроого падышалар келишет» (Ышая 60:3).

Ошентип, Матай Ыйсанын Ысрайыл эли үчүн эле эмес, бардык элдер үчүн Машаяк – Падыша жана Убаданы Аткаруучу экенин көрсөтүп, Анын Машаяк экендигинин далилин келтирет.

«Биз Ага таазим кылганы келдик» аттуу насаат сөздөн үзүндү.