6-декабрь: Кудайга жаккан адамдарга тынтык болсун!

Jakshy Kabar Media

6-декабрь: Кудайга жаккан адамдарга тынтык болсун!

Жон Пайперден насаат сөз

«“Силер аны бул белги боюнча билесиңер: жалаякка оролуп, акырда жаткан Наристени көрөсүңөр”, – деди. Күтүлбөгөн жерден периште менен бирге асман аскерлеринин тобу көрүнүп: “Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдар арасында тынчтык болсун!”, – деп, Кудайды даңкташты».

Лука 2:12-14

Кимдерге тынчтык жарыяланып жатат? Периштелердин даңктоосунда адамды олуттуу ойлондурган бир кабар бар. Кудайдан ырайым тапкан адамдар арасында тынчтык болсун! Кудайга жаккан адамдар арасында тынчтык болсун! Бирок Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес (Эврейлер 11:6). Демек, Ыйсанын туулган күнү баарына эле тынчтык алып келе бербейт.

«Соттун себеби мында», – дейт Ыйса. «Бул дүйнɵгɵ жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы кɵрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман эле» (Жакан 3:19). Ал эми жашы улгайып калган Шымыйон ымыркай Ыйсаны кɵргɵндɵ мындай дейт: «Бул Наристе Ысрайыл жеринде кɵптɵрдүн жыгылуусунун жана кɵптɵрдүн жогору кɵтɵрүлүүсүнүн, талаш-тартыштын себепкери болот. Кɵптɵрдүн жүрɵктɵгү ойлору ачылат» (Лука 2:34-35).

Канчалаган адамдар Ыйсанын туулган күнүн кызыксыз жана суук күндɵрдүн бири катары жана алар Ыйсаны «талаш-тартыштын себепкери» катары көрүшөт.

«Ал Ɵз элине келди, бирок Ɵз эли Аны кабыл алган жок. Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди» (Жакан 1:11-12). Ыйса Ɵзүнүн шакирттерине гана мындай деген: «Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Ɵз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнɵнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула» (Жакан 14:27).

Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы менен кубанган адамдар – ар дайым каалоолорун сыйынуу жана жалынуу аркылуу Кудайга билдиргендер (Филипиялыктар 4:6-7).

Кудай тынчтыгынын кенчин ачкан ачкыч – бул Кудайдын убдаларына болгон ишеним. Ошондуктан Пабыл: «Υмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бɵлɵсүн» – деп сыйынат (Римдиктер 15:13). Биз Кудайдын убадаларына ишенгенибизде жана кубаныч, тынчтык жана сүйүүгɵ толгонубузда, Кудай даңкталат.

Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдардын – ар бир элден, тилден, уруудан жана улуттан ишенип калгандардын баарынын арасында тынчтык болсун!