5-декабрь: Айкаш жыгачтан башка жол жок

Jakshy Kabar Media

5-декабрь: Айкаш жыгачтан башка жол жок

Жон Пайперден насаат сөз

«Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы келип, тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени мейманканада аларга орун жок болчу».

Лука 2:6-7

Кудай Мариям менен Жусупту Бейтлехемге алып барыш үчүн, бүткүл империяда эл каттоо болгондой кылып дүйнөнү башкарса, анда Ал жубайлар үчүн мейманканада орун табылышы үчүн да сөзсүз кам көрмөк деп ойлосок керек.

Ооба, Ал ошондой кыла алмак. Анын буга кудурети жетмек! Ыйса бай үй-бүлөдө төрөлсө да болмок. Чөлдө ташты нанга айландырса болмок. Гетсамания багында 10000 периштени жардамга чакырса болмок. Айкаш жыгачтан түшүп, Өз жанын аман сактап калса болмок. Кеп Кудай эмне кыла алганында эмес, эмне кылгысы келгенинде.

Кудай Машаяк бай болсо да, биз үчүн жардыланышын каалаган. Бейтлехемдеги бардык мейманкаларда орун калбай калышы биз үчүн болгон. «Ал… силер үчүн жардыланды» (2 Корунттуктар 8:9).

Кудай Өз балдары үчүн баарын – алтургай, мейманканалардагы орундарды да башкарат. Айкаш жыгачка алып барган жол Бейтлехемдеги орун калбай калган мейманканалардын жанынан өтөт жана анын аягы Иерусалимдеги дөңсөөдө элдин Машаяктын бетине түкүрүшү жана Аны шылдыңдашы менен бүтөт.

Машаяктын бизге айткан сөздөрүн унутпашыбыз керек: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин» (Лука 9:23).

Биз айкаш жыгачыбызды көтөрүп, Анын артынан ээрчигенибизде, Анын: «“Кул өз кожоюнунан жогору эмес” деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат. Эгерде Менин сөзүмдү угушкан болсо, силерди да угушат», – дегенин угабыз (Жакан 15:20).

«Теңир, Сен кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деп, Ыйсанын артынан ээрчигенге даяр болгон адамга Ал: «Түлкүлөрдүн ийини бар, канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жайы жок», – деп жооп берген (Лука 9:57-58).

Албетте, Кудай Ыйса кадимкидей бир бөлмөдө төрөлгөндөй кылса болмок. Бирок андай жол айкаш жыгачка алып бармак эмес.

«Кичинекей Элдин чоң Кудайы» аттуу насааттан үзүндү.