4-декабрь: Баары Кудайдын кичинекей эли үчүн

Jakshy Kabar Media

4-декабрь: Баары Кудайдын кичинекей эли үчүн

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун» деген буйрук чыгарды. Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон биринчи эл каттоо эле. Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына барды. Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле. Ал өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду».

Лука 2:1-5

Кудай (Михей 5-бөлүм 2-аяттагы пайгамбарчылыкта айтылгандай) Машаяк Бейтлехемде төрөлө тургандай кылып, алдын ала ойлонуштуруп койгону канчалык таң калыштуу экени жөнүндө деги ойлондуңуз беле? Машаяк төрөлө турган убакыт келип жеткенде, жагдайдын алдын ала ошого ылайыкташтырылганы жөнүндөчү? Машаяктын апасы жана мыйзамдагы атасы алгач Бейтлехемде эмес, Назаретте жашап жатканы тууралуу, Кудай Өзүнүн сөзүн орундатуу үчүн, эч ким тааныбаган карапайым жубайларды Бейтлехемге алып келүү үчүн, Рим падышасы Августтун жүрөгүнө «ар бир адам өзүнүн жеринде эл каттоодон өтүшү керек» деген ой салып койгону тууралуу ойлондуңуз беле? Эки жубайды жүз чакырымдай алыстыктагы жерге алып баруу үчүн, бүткүл дүйнөгө тиешелүү буйрук чыгарылганы таң калыштуу эмеспи!

Жети миллиард адам жашаган, жаңылыктарда чоң саясий, экономикалык жана социалдык кыймылдар тууралуу гана кабарланган, дүйнө жүзүнө атагы чыккан жана колунда чоң бийлиги бар кадыр-барктуу адамдар жөнүндө гана сөз болгон бул дүйнөдө сиз да мага окшоп өзүңүздү кичинекей жана карапайым адамдай сездиңиз беле?

Эгерде ошондой болсо, ындыныңызды өчүрбөңүз жана капаланбаңыз. Себеби Ыйык Жазууда чоң саясий күчтөр жана татаал мамлекеттик түзүлүштөр өздөрү билбей Кудайдын буйруктарын аткарышат. Кудай муну аларга жакшы болсун деп эмес, Өзүнүн кичинекей элине – Назареттен Бейлехемге барышы керек болгон кичинекей Мариям менен кичинекей Жусуптай адамдарга жакшы болсун деп кылат. Кудай Өзүнүн сөзүн орундатуу жана өз балдарына бата берүү үчүн, империяны колдонот.

Өзүңүз жашаган кичинекей дүйнөңүздө каршылыктарга туш болсоңуз эле, Теңирдин колу кыскарып калды деп ойлобоңуз. Теңир биздин гүлдөп-өскөнүбүздү же атак-даңкка ээ болгонубузду көргөнгө куштар эмес, ыйыктыкты сактаганыбызды көргөнгө куштар. Ушундай болушу үчүн, ал бүт дүйнөнү жөнгө салат. Накыл сөздөр 21-бөлүм 1-аятта айтылгандай: «Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат». Ал дайыма Өзүнүн элин куткаруу, ыйыктоо жана ага тиешелүү болгон түбөлүктүү максаттарын ишке ашыруу үчүн, падышаларды Өзү каалагандай колдонот.

Ал – кичинекей элдин чоң Кудайы, андыктан бизде кубанып шаттанганга себеп бар, себеби биз Анын балдары катары Анын Уулу Ыйса Машаякка окшош болушубуз, андан соң Анын түбөлүктүү даңкына бөлөнүшүбүз үчүн, бардык падышалар, өлкө башчылары, өкмөт башчылары, өлкө жетекчилери жана дүйнө жетекчилери өздөрү билбей биздин асмандагы Атабыздын эң жогорку буйруктарын аткарышат.

«Кичинекей элдин чоң Кудайы» аттуу насааттан үзүндү.