3-декабрь: Көпкө күттүргөн Теңирдин келиши

Jakshy Kabar Media

3-декабрь: Көпкө күттүргөн Теңирдин келиши

Жон Пайперден насаат сөз

«Ысрайылдын Кудай-Теңирине алкыш! Анткени Ал Өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды. Байыртадан бери Өзүнүн ыйык пайгамбарлары аркылуу айтып келгендей, Өз кулу Дөөттүн тукумунан биз үчүн куткаруу мүйүзүн көтөрдү. Ал бизди душмандарыбыздан, бизди жек көргөндөрдүн колунан куткарды».

Лука 1:68-71

Луканын жакшы кабарынын 1-бөлүмүндөгү Элизабеттин күйөөсү Захариянын ушул сөздөрүндөгү эки укмуштуу нерсеге көңүл буруңуз.

Биринчиден, тогуз ай мурун Захария өзүнүн аялы боюна бүтөрүнө ишене алган эмес эле. Эми болсо Ыйык Рухка толгон Захария келе жаткан Машаяк аркылуу Кудай Өз куткаруусун ишке ашырарына ушунчалык бекем ишенгендиктен, ал жөнүндө өткөн чак менен кеп кылып жатат: «Анткени Ал Өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды». Ишенген адам Кудайдын убадасын ишке ашкан нерсе деп эсептейт. Захария Кудайдын сөзүнө ишенсе болоруна өзүнүн жеке жашоосунда күбө болгондуктан, анын ишеними укмуштуудай бекем болгон: Кудай «Өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды» (Лука 1:68).

Экинчиден, Ыйса Машаяктын келиши Кудайдын биздин дүйнөгө келишин билдирет: Ысрайылдын Кудайы Өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды. Кылымдар бою Ысрайыл эли Кудай элди таштап кетти деген ойго ишенип, азап чегип жашап келген эле: себеби пайгамбарчылыктын рухунун үнү чыкпай калган эле; Ысрайыл Римдин колуна түшкөн эле. Ошондуктан Ысрайылдагы бардык такыбаа адамдар Кудайдын келишин күтүп жаткан. Лука айткандай, Шымыйон аттуу дагы бир такыбаа карыя «Ысрайыл элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн» (Лука 2:25). Ошол сыяктуу эле, күнү-түнү сыйынган Анна деген аял да Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөн (Лука 2:38).

Ошол күндөрдө эл Кудайды чоң үмүт менен күтүп жаткан. Акыры көпкө күткөн Кудайдын келе турган күндүн таңы аткан. Таң калыштуусу, Ал эч ким ойлобогон жол менен келе жаткан.

«Ыйса – куткаруу мүйүз» аттуу насааттан үзүндү.