2-декабрь: Мариям даңктаган улуу Кудай

Jakshy Kabar Media

2-декабрь: Мариям даңктаган улуу Кудай

Жон Пайперден насаат сөз

«Мариям мындай деди: “Менин жаным Теңирди даңктайт. Куткаруучум Кудайды ойлоп, рухум кубанды. Анткени Ал Өзүнүн кулунун момундугуна назарын салды. Анткени мындан ары бардык муундар мени «бактылуу» дешет. Анткени Кудуреттүү мага улуу иш жасады. Анын ысымы ыйык. Ал Өзүнөн корккондорго укумдан-тукумга ырайым кылат. Ал Өзүнүн колунун күчүн көрсөттү. Жүрөгүндөгү ойлору текеберлерди чачыратып жиберди. Күчтүүлөрдү тактыларынан түшүрүп, момундарды көтөрдү. Ачкаларга ырыскыны мол берди, байларды болсо куру кол коё берди. Биздин ата-бабаларыбызга, Ыбрайымга жана анын тукумуна түбөлүккө ырайым кылууну убада кылганын эстеп, Өзүнүн кулу Ысрайылга жардамга келди”».

Лука 1:46-55

Мариям Кудайга тиешелүү укмуштуу бир нерсени даана байкаган: Ал адамзаттын тарыхында чоң өзгөрүш жасаганы жаткан; тарыхтагы эң маанилүү отуз жылдык убакыт башталганы турган. Кудай кайда эле? Ал эч кимге белгисиз жана момун эки аял менен алек эле: алардын бири карып калган жана төрөбөс Элизабет, экинчиси жаш никеси кыйыла элек кыз Мариям эле. Ошондо Мариям момун адамдарды сүйгөн Кудайдын улуулугун көрүп, ырдап кирген. Анын ыры «Магнификат» (мунун мааниси «Менин жаным Теңирди даңктайт») деген ат менен аталып калган.

Мариям жана Элизабет Луканын китебинде укмуштуу каармандар катары сүрөттөлөт. Автор бул эки аялдын ишенимине баа берет. Элизабет менен Мариямдын момундугу жана өздөрү даңктаган улуу Кудайга жан дили менен моюн сунгандыгы Луканы эң катуу таасирлентсе керек. Ал кийин өзүнүн Жакшы Кабарынын окурманы болгон ак сөөк Теопилди ушундай кабар менен таң калтыргысы келген.

Элизабет мындай дейт: «Теңиримдин энеси мага келгидей, мен киммин?» (Лука 1:43) Ал эми Мариям мындай дейт: «Анткени Ал Өзүнүн кулунун момундугуна назарын салды» (Лука 1:48).

Теңирди Элизабет жана Мариям сыяктуу адамдар, б.а. өздөрүнүн жөнөкөй адамдар экенин түшүнгөн жана улуу Кудайдын өздөрүндөй момун (карапайым) адамдарга көңүл бурганына катуу таң калган адамдар гана чын дили менен даңктай алат.

«Мариямдын даңктоо ыры жөнүндө ой жүгүртүү» аттуу насааттан үзүндү.