1-декабрь: Теңирге жолду даярдагыла

Jakshy Kabar Media

1-декабрь: Теңирге жолду даярдагыла

Жон Пайперден насаат сөз

«Ысрайыл уулдарынын көпчүлүгүн өздөрүнүн Кудай-Теңирине бурат. Аталарынын жүрөгүн балдарына, баш ийбегендерди адил адамдардын ойлонуу жолуна буруп, даярдалган элди Теңирге алып келүү үчүн, ал Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен Анын алдында келет».

Лука 1:16-17

Чөмүлдүрүүчү Жакан Ысрайыл элине кандай кызмат кылган болсо, Теңирдин туулган күнүнө даярданган убак бизге ошондой кызмат кыла алат. Теңирдин туулган күнүн даярданбай тоспоңуз. Мен рухий даярдык жөнүндө айтып жатам. Эгерде алдын ала даярдансаңыз, бул майрамдын кубанычы жана таасири алда канча чоң болот!

Демек, алдын ала даярдануу үчүн эмне кылуу керек?

Биринчиден, биз чындап эле Куткаруучуга муктаж экендигибиз жөнүндө ой жүгүртүңүз. Ыйсанын туулган күнү оболу адамды айыптайт, андан соң гана кубанычка бөлөйт. «Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машаяк Теңир» (Лука 2:11). Эгерде сизге Куткаруучу керек эмес болсо, анда Анын туулган күнү да керек эмес. Биз айлабыз кеткендиктен, Куткаруучуга ушунчалык муктаж экенибизди толук сезбесек, Анын туулган күнү өзүнө тиешелүү таасирге ээ болбойт. Теңирдин туулган күнүнө даярдануу убагында ушундай кыска-нуска ой жүгүртүүлөр сиздин жүрөгүңүздө Куткаруучуга болгон ары ачуу, ары таттуу муктаждык сезимин ойготсун.

Экинчиден, өзүңүздү олуттуу түрдө текшерүүгө киришиңиз. Пасах майрамынын алдында 40 күн кандай мааниге ээ болсо, Теңирдин туулган күнүнүн алдындагы 4 жума ошондой мааниге ээ. «Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил. Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр» (Забур 138:23-24). Ар бир жүрөк Ага орун даярдасын – ар бир жүрөк тазалансын.

Үчүнчүдөн, үйүңүздүн бүт көңүлүн Кудайга бурулган, Теңирдин туулган күнүн үмүт жана сүйүнүч менен күткөн маанайга толтуруңуз. Айрыкча, балдарыңыз үчүн ушундай кылыңыз. Эгерде Машаяк сиздин өзүңүздү сүйүнтсө, анда балдарыңызды да сүйүнтөт. Эгерде балдарыңыз белек ала турганы үчүн эле Теңирдин туулган күнүнө сүйүнсө, анда алар Кудайга болгон чаңкоону кантип сезет? Чыгармачылык жана ой жүгүртүүңүздү иштетип, балдарыңыз Падышанын келиши ажайып бир окуя экенин көрө алгандай кылыңыз.

Төртүнчүдөн, Ыйык Жазууну көп окуп, улуу аяттарды жаттаңыз! «Менин сөзүм от сыяктуу эмеспи? – дейт Теңир» (Жеремия 23:29). Теңирдин туулган күнүн күткөн убакта ушул оттун тегерегинде чогулуңуздар. Андан жылуулук тарайт жана ырайымдын түрдүү түстүү учкундары учуп чыгат. Ал миңдеген жарааттарды айыктырат жана караңгы түндү жарык кылат.

«Теңирге жол даярдагыла!» аттуу насааттан үзүндү.