30-ноябрь: Айкаш жыгачтагы шылдың аркылуу келген жеңиш

Jakshy Kabar Media

30-ноябрь: Айкаш жыгачтагы шылдың аркылуу келген жеңиш

Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйык жайга жыл сайын өзүнүн эмес, курмандыктын каны менен кирген башкы ыйык кызмат кылуучуга окшоп, Ыйса Өзүн кайра-кайра курмандыкка алып келиш үчүн кирген эмес. Болбосо Ал дүйнө жаратылгандан бери бир нече ирет азап чегиши керек болор эле. Бирок Ал Өзүн курмандыкка берүү менен, күнөөнү жок кылуу үчүн, кылымдын акырында бир ирет келди».

Эврейлер 9:25-26

Асман Падышачылыгынын дарбазалары күнөөкөрлөр үчүн өзүнөн өзү эле кенен ачылып калган деп ойлобошубуз керек.

Кудай ыйык, таза, толугу менен акыйкаттуу жана адилеттүү. Бирок Ыйык Китептин жалпы баяны ушундай улуу жана ыйык Кудай биз сыяктуу кир жана күнөөкөр адамдар үчүн кандайча кучагын кенен жайып, ырайым кылгандыгын көрсөтөт. Бул кантип болот?

Эврейлер 9-бөлүм 25-аятта Машаяктын күнөө үчүн алып келген курмандыгы жүйүттөрдүн башкы ыйык кызмат кылуучуларыныкынан башкача болгону айтылат. Алар жылына бир жолу ыйык жайга кирип, элдин күнөөлөрү үчүн жаныбарларды курмандыкка чалып турушкан. Ал эми жогорудагы аяттарда Машаяк тууралуу мындай деп айтылат: «Башкы ыйык кызмат кылуучуга окшоп, Ыйса Өзүн кайра-кайра курмандыкка алып келиш үчүн кирген эмес. Болбосо Ал дүйнө жаратылгандан бери бир нече ирет азап чегиши керек болор эле» (Эврейлер 9:26).

Эгерде Машаяк башкы ыйык кызмат кылуучулардын кылганын кайталаса, анда Ага жыл сайын өлгөнгө туура келмек. Анын үстүнө, Адам менен Обонун убагынан берки күнөөлөрдүн баары үчүн курмандык чалуу керек болгондуктан, Ал дүйнө жаралгандан баштап эле жыл сайын өлүп турушу керек болмок. Бирок каттын автору мындай нерсе ойго келгис нерсе экенин айтат.

Эмне үчүн? Себеби, мындай болсо, Кудай Уулунун өлүмү күчү жана таасири жок нерсе болуп калмак. Эгерде Машаяк кылымдар бою жыл сайын кайра-кайра өлө берсе, Ал жеңишке кантип жетмек эле? Анда Кудай Уулунун курмандыгы биз үчүн кандайча чексиз баалуу болмок? Жыл сайын кайталанган Анын азап чегүүсү жана өлүмү өзүнүн баркын жоготуп, өлүмдүн гана жеңишин көрсөтмөк жана анын алдында шерменделик болуп калмак.

Машаяк айкаш жыгачта чындап эле шылдың болгон, бирок ошол шерменделик Ага жеңиш берген. «[Ыйса] шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду» (Эврейлер 12:2).

Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгы мына ушунда (2 Корунттуктар 4:4). Сиз канчалык кир же күнөөкөр болсоңуз да, Жакшы Кабардын ушул жарыгын көрүп, ишенип калсын деп сыйынам.

«Машаяк акыркы күндөрдө эмне кылды?» аттуу насааттан үзүндү.