29-ноябрь: Абийирди тазалоочу жалгыз нерсе

Jakshy Kabar Media

29-ноябрь: Абийирди тазалоочу жалгыз нерсе

Жон Пайперден насаат сөз

«…Түбөлүктүү Рух аркылуу кемчиликсиз Өзүн Кудайга курмандыкка алып келген Машаяктын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалары анык».

Эврейлер 9:14

Биз азыр жаңы заманда – интернет жана акылдуу чөнтөк телефондорун колдонгон, космоско саякат жасаган жана адамдын жүрөгүн алмаштырган доордо жашап жатабыз. Бирок биздин негизги көйгөйүбүз өзгөрүлбөгөн бойдон калууда: абийирибиз бизди соттоп, Кудай кабыл ала албай турган адамдардай кылып жатат. Кудайга чоочун болуп калдык. Муну өз абийирибиз күбөлөндүрүп жатат.

Өз денебизди кескилеп кыйнасак да, ыйык дарыяга балдарыбызды ыргытсак да, кайрымдуулукка миллиондогон акчабызды берсек да, көчөдө калгандарга тамак берип кызмат кылсак да, көп жолдор менен өзүбүздү жазаласак да, натыйжа өзгөрүлбөйт: абийирибиз булганган бойдон кала берет жана өлүм биздин үрөйүбүздү учурат.

Абийирибиз таза эмес экендигин өзүбүз жакшы билебиз. Ал өлүктү же булганган жалаякты кармагандан же чочконун этин жегенден булганган жок. Ыйса адамды сырттан кирген нерсе эмес, ичинен чыккан нерсе арам кыларын айтат эмеспи (Марк 7:15-23). Бизди менменсингендик, өзүн-өзү аёо, таарыныч, кумарлуу каалоолор, көрө албастык, ичи тардык, көз артуу, кош көңүлдүк жана коркуу сыяктуу нерселер булгап жатат.

Башка бардык доорлор сыяктуу эле бүгүнкү заманда да бул көйгөйдү жалгыз гана Ыйсанын каны чече алат. Абийириңиз сизди соттоп баштаса, каяка барасыз? Эврейлер 9-бөлүм 14-аят мунун жообун берет: «…түбөлүктүү Рух аркылуу кемчиликсиз Өзүн Кудайга курмандыкка алып келген Машаяктын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалары анык».

Демек, абийирибизди тазалоо үчүн, Машаяктын канына кайрылышыбыз керек. Ааламда жалгыз гана Анын каны абийирибизди тазалап, жашообузду жеңилдете алат жана өлүм алдында тынчтык берет.

«Биз тирүү Кудайга кызмат кылуу үчүн тазаланганбыз» аттуу насааттан үзүндү.