28-ноябрь: Ыраазы болбогондуктун тамыры

Jakshy Kabar Media

28-ноябрь: Ыраазы болбогондуктун тамыры

Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын эч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгыланды».

Римдиктер 1:21

Кудайга болгон ыраазычылык адамдын жүрөгүндө пайда болгондо, Ал биз алган баталардын мол булагы катары даңазаланат. Ал берүүчү жана жакшылык кылуучу катары таанылгандыктан, даңкка ээ болот.

Бирок Кудайдын бизге кылган чоң жакшылыктарына карата жүрөгүбүздө ыраазычылык пайда болбосо, анда биз Ага мактоо айткыбыз келбей жана Аны кайрымдуулугу үчүн даңктагыбыз келбей жаткан болобуз.

Адамдар табиятынан Кудайды ыраазычылык билдирүү аркылуу даңазалагысы келбейт же Аны жакшылык кылуучу катары даңктагысы келбейт. Мунун себеби адамдардын өзүнүн даңкын бирөөгө бергиси келбегендигинде жана бардык адамдардын табиятынан өз даңкын Кудайдын даңкына караганда көбүрөөк сүйгөндүгүндө.

Ыраазы болбогондуктун түпкү себеби – өзүнүн даңкын сүйгөндүк. Себеби чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык биз татыксыз болгон жакшылыкка ээ экенибизди моюнга алууну билдирет. Биз Ыйса Машаяктын айкаш жыгачы сымал балдакка таянган майыптарбыз. Кудайдын мээрими менен ар мүнөт сайын жасалма өпкө менен дем алган шал оорулуу адамдарбыз. Биз асмандын бешигинде уктап жаткан балдарбыз.

Куткаруучу ырайымдын даамын татпаган адам баласы өзүн жардамга муктаж, майып, шал жана жаш бала эсептегиси келбейт. Анткени мындай нерсени моюнга алган адам өзүн даңктан ажыратып, Кудайды даңктаган болот.

Ошондуктан адам өзүн даңктаганды жакшы көргөндү, өзүн эч кимге муктаж болбогон адамдай мактаганды токтотмоюнча, өзүн күнөөгө баткан жана алсыз деп эсептемейинче, эч качан чыныгы Кудайга карата нукура ыраазычылык сезимине ээ боло албайт, ошондуктан ал өзүн гана мактабаса, Кудайды эч качан даңазалабайт.

Ыйса мындай деген: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек. Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим» (Марк 2:17).

Ыйса өзүн соо эсептеген адамдарга кызмат кылуу үчүн келген эмес. Ал бизден чоң нерсени талап кылат: биз өзүбүздүн улуу эместигибизди моюнга алышыбыз керек. Бул менменсингендер үчүн жаман кабар, бирок өздөрүн эч кимге муктаж эместей көрсөткөндү токтотуп, Кудайды издегендер үчүн бул бал сөз.

«Мен Кудайды ыраазычылык келтирүү менен даңазалайм» аттуу насаат сөздөн үзүндү.