27-ноябрь: Кудайды кантип даңазалоо керек?

Jakshy Kabar Media

27-ноябрь: Кудайды кантип даңазалоо керек?

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен өз Кудайымдын ысымын даңктап ырдайм, Аны даңазалайм».

Забур 68:31

Буюмдарды чоңойтуп көрсөткөн эки нерсе бар: биринчиси – кичинекей нерсени чоңураак кылып көрсөткөн микроскоп болсо, экинчиси – алыстагы кичине болуп көрүнгөн нерсени жакын кылып, чыныгы көлөмүн көрсөткөн телескоп.

Дөөт: «Мен өз Кудайымдын ысымын даңктап ырдайм, Аны даңазалайм», – дегенде, ал: «Кичинекей Кудайды адамдардын көзүнө чоң кылып көрсөтөм», – дегиси келген эмес. Ал: «Мен Кудай чындыгында канчалык улуу болсо, ошондой көрсөтөм», – деген мааниде айткан.

Биз микроскоп болууга эмес, телескоп болууга чакырылганбыз. Машаякчылар алдамчы болууга чакырылган эмес. Алдамчылар атаандаштарынын азык-түлүгүнүн сапаты алда канча жогору экендигин билсе да, өздөрүнүн азык-түлүктөрүн нукура баадан ашыра макташат эмеспи.  Кудайдан жогору турган эч нерсе жана эч ким жок. Андыктан Кудайды сүйгөндөрдүн милдети Анын чыныгы улуулугун көрсөтүү болуп саналат.

Петир өзүнүн катында мындай деген: «Ал эми силер тандалган уруусуңар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыңар, ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер. Силерди караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар» (1 Петир 2:9). Биз эмне үчүн жашап жатканыбыздын жана куткарылганыбыздын себеби ушул.

Машаякчылардын негизги милдетин бир нече сөз менен мындай түшүндүрсөк болот: Кудай канчалык улуу болсо, Аны сезимдерибиз, ой жүгүртүүбүз жана иш-аракетибиз аркылуу ошондой кылып көрсөтүшүбүз керек. Адамдар биз аркылуу Кудайдын жарык жылдыздай болгон чексиз даңкын көрө алышы үчүн, телескоп болушубуз керек.

Машаякчылар үчүн Кудайды даңазалоо деген ушул. Бирок сиз өзүңүз көрө элек нерсени же бат эле унутуп калчу нерсени даңазалай албайсыз. Демек, биздин биринчи милдетибиз – Кудайдын улуулугун жана кең пейилдүүлүгүн көрүү жана эстөө. Ошондуктан биз Кудайга мындай деп сыйынабыз: «Жүрөгүмдүн көзүн ач!» жана жан дүйнөбүзгө: «Анын бардык жакшы иштерин унутпа!» – деп акыл насаат айтабыз (Эфестиктер 1:18, Забур 102:2).

«Мен Кудайды ыраазычылык келтирүү менен даңазалайм» аттуу насаат сөздөн үзүндү.