26-ноябрь: Ыйса биз үчүн сыйынат

Jakshy Kabar Media

26-ноябрь: Ыйса биз үчүн сыйынат

Жон Пайперден насаат сөз

https://youtu.be/fru1DSsXKTA

«Ошондуктан Ал Өзү аркылуу Кудайга келгендердин баарын толук куткара алат. Ал түбөлүк тирүү болгондуктан, алар үчүн арачылык кылат».

Эврейлер 7:25

Бул аятта айтылгандай, Ыйса Машаяк биз үчүн арачылык кылуу үчүн, түбөлүк тирүү болгондуктан, Ал бизди толугу менен – түбөлүккө – толук куткара алат. Башкача айтканда, эгерде Ал биз үчүн түбөлүккө арачылык кылбаса, анда бизди түбөлүккө куткара албайт эле.

Демек, биздин куткарылуубуз Ыйса Машаяктын түбөлүк ыйык кызматы сыяктуу коопсуз. Мына ушул себептен биз ыйык кызмат кылуучу пендеге караганда, алда канча жакшыраак болгон ыйык кызмат Кылуучу Ыйсага муктажбыз. Ыйса Машаяктын кудайлык табияты жана Анын өлгөндөрдүн арасынан тирилгендиги Анын түбөлүктүү ыйык кызматын коопсуз кылат.

Демек, биз куткарылууну бир жолу ишке ашкан жана эч кандай аракетке ээ болбогон нерсе катары элестетпешибиз керек. Биз көбүнчө ушундай ойлойт эмеспизби. Куткарылуу биздин бир гана жолу жасаган чечимибиз менен, ошондой эле, Машаяктын бир жолу өлүп кайра тирилүүсү менен гана чектелип калбайт.

Бүгүнкү күндө да Ыйса асманда мен үчүн түбөлүккө арачылык кылып жаткандыктан, менин куткарылуум ишке ашып жатат.

Ыйса асманда биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз катары биз үчүн түбөлүккө сыйынгандыктан (Римдиктерге 8:34) жана арачылык кылгандыктан (1 Жакан 2:1), биз түбөлүк куткарылууга ээбиз. Ал биз үчүн сыйынат жана Анын сыйынуулары кабыл болот, анткени Ал Өзүнүн кемчиликсиз курмандыгынын негизинде кемчиликсиз жол менен сыйынат.

«Мелхиседектен түбөлүк Куткаруучуга чейин» аттуу насаат сөздөн үзүндү.