25-ноябрь: Кудайды ыраазычылык билдирүү аркылуу даңктаңыз!

Jakshy Kabar Media

25-ноябрь: Кудайды ыраазычылык билдирүү аркылуу даңктаңыз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Мунун баары силер үчүн, артыгы менен көрсөтүлгөн ырайым көптөрдүн ыраазычылык билдирүүсүн арттыруу үчүн жана Кудай даңкталышы үчүн болуп жатат».

2 Корунттуктар 4:15

Кудайга ыраазычылык билдирүү – бул кубанычтуу сезим. Анын бизге көрсөткөн ырайымы үчүн биз өзүбүздү карыздар сезип, кубанычка бөлөнөбүз. Демек, ыраазычылык бизге кубаныч тартуулагандыктан, андан өзүбүз да пайда тапкан болобуз. Бирок ыраазычылык өзүнүн түпкү табияты боюнча (өзүнүн пайдасын издебей) берүүчүнү даңазалайт. Биз ыраазычылыкты сезгенибизде, Кудайга болгон муктаждыгыбызды мойнубузга алып, Анын ырайымын, толуктугун, даңкынын байлыгын баалаган болобуз.

Мен ресторан кызматкерине момундук менен: «Рахмат!» – деп ыраазычылыгымды билдиргендей эле, Кудайга ыраазы болгон кезде да момундук менен Аны даңазалаймын. Албетте, бул эки жагдайдын ортосунда айырмачылык бар, себеби, мен Кудайдын мага көрсөткөн ырайымына чындап эле чексиз карыздармын, Анын мен үчүн жасаган бардык иштери акысыз жана мен аларга татыктуу эмесмин.

Бирок менин айтайын деген оюм бул: ыраазы болгон адам Берүүчүнү, Кудайды даңазалайт. Пабыл да өзүнүн бардык эмгектеринин натыйжасында ушундай болушун каалаган. Албетте, анын бардык эмгеги жыйындын пайдасы үчүн болгон. Бирок жыйын анын эң жогорку максаты болгон эмес. Анын айтканына дагы бир жолу көңүл буруңуз: «Мунун баары силер үчүн, артыгы менен көрсөтүлгөн ырайым көптөрдүн ыраазычылык билдирүүсүн арттыруу үчүн жана Кудай даңкталышы үчүн болуп жатат». Пабыл өзүнүн бардык эмгеги ишенгендер үчүн жана акыр-аягы Кудайдын даңкталышы үчүн болгонун айтып жатат.

Жакшы Кабардын ажайыптуулугу төмөнкүдө: ал бизден Кудайдын даңкы үчүн талап кылган жооп биз үчүн да табигый жана кубанычтуу болуп саналат. Тактап айтканда, ал көрсөтүлгөн ырайымга ыраазычылык билдирүүнү талап кылат. Бизди бардык нерсе менен камсыз кылган Кудайдын даңкы жана биздин аны кабыл алуудагы момун кубанычыбыз бири-бирине каршы чыкпайт. Кубанычтуу ыраазычылык Кудайды даңктайт.

Кудайды ырайымы үчүн даңктаган жашоо менен терең ыраазы болгон (кубанычка ээ болгон) жашоо – бир эле жашоо. Экөөнү бир бүтүн кылган нерсе – бул ыраазычылык.

«Ырайым, Ыраазычылык жана Кудайдын даңкы» аттуу насаат сөздөн үзүндү.