24-ноябрь: Үмүтүңүздү бекем карманыңыз

Jakshy Kabar Media

24-ноябрь: Үмүтүңүздү бекем карманыңыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол сыяктуу эле Кудай да убадалангандын мураскорлоруна Өз эркинин өзгөрбөстүгүн ачыгыраак көрсөткүсү келгендиктен, убадасын ант менен бекемдеди. Баш паанек тапкан жана алдыбыздагы үмүттү карманган биз Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси – убадасы жана анты менен сооронушубуз үчүн ошондой кылды».

Эврейлер 6:17-18

Эврейлерге жазылган каттын автору эмне үчүн үмүтүбүздү бекем карманганга бизди үндөп жатат? Эгерде бизге үмүт биротоло берилген болсо жана Ыйсанын каны менен кайтарылып алынгыс болуп коопсуздандырылган болсо, анда эмне үчүн Кудай бизге үмүтүбүздү бекем карманышыбызды осуяттап жатат?

Мунун жообу төмөнкүдөй:

  • Машаяктын өлүмү биз эми үмүтүбүздү бекем кармабай коё берсек болот дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Ал бизге үмүтүбүздү бекем карманганга күч берүү үчүн өлгөн.
  • Ал бизде үмүтүбүздү бекем кармануу каалоосун жок кылуу үчүн эмес, тескерисинче, үмүтүбүздү бекем кармана алгыдай кылып биздин эркибизди өзгөртүү үчүн, бизге каалоо берүү үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.
  • Ал үмүтүбүздү бекем кармануу керек деген осуятты жокко чыгаруу үчүн эмес, тескерисинче, ошол осуятты аягына чейин сакташыбыз үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.
  • Ал бизге эми мындай акыл-насаат айтылбашы үчүн эмес, ушундай акыл-насаатты аткарып, жеңишке жетишибиз үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.

Пабыл Филипиялыктар 3:12-аятта эмне кылган болсо, биз да дал ошондой кылышыбыз үчүн, Машаяк Өз өмүрүн берген: «Мен мунун баарына жеттим же жеткилең болдум дебейм. Бирок Машаяк Ыйса мага жеткен сыяктуу, мен да жетүүгө аракет кылам». Күнөөкөр Машаяктын жардамы менен гана осуяттарды аткара алса да, ага осуяттарды аткарышың керек деп айтсак акылсыздык кылган болбойбуз, себеби бул чындык Жакшы Кабар болуп саналат, б.а. Кудайга болгон үмүт берет.

Ошентип мен сизге чын жүрөгүмдөн өз акыл-насаатымды айтамын: Машаяк сизге жеткен сыяктуу, сиз да Ага жетишиңиз үчүн, Ал берген үмүттү бекем карманыңыз. Аны болгон күчүңүз менен – Машаяктын сизге берген күчү менен – бекем карманыңыз. Ал сизге тил алуу жөндөмүн берүү үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.

citation