23-ноябрь: Кудай Өзү менен ант бергенде

Jakshy Kabar Media

23-ноябрь: Кудай Өзү менен ант бергенде

Жон Пайперден насаат сөз

«Өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, Өзү менен ант берип, мындай деген: “Сага батамды мол берем, сенин тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм”».

Эврейлер 6:13-14

Баалуулугу, ар-намысы, кадыр-баркы, кымбаттуулугу,  улуулугу,  сулуулугу жана атак-даңкы баардык баалуулуктардан алда канча жогору – он миң эсе жогору – турган бирөө бар. Ал – Кудайдын Өзү. Ошондуктан, Кудай ант бергенде, Өзү менен ант берет.

Эгерде Өзүнөн жогору бирөө болсо, анда Ал аны менен ант бермек. Эмне үчүн? Сиздин үмүтүңүздү дагы да терең бекемдеш үчүн. Кудай Өзүнө Өзү каршы чыкпаган сыяктуу эле, бизди баталайм деген убадысын да эч качан бузбайт, анткени Ал Өзү менен ант берген.

Кудай ааламдагы эң улуу баалуулук. Кудайдан өткөн баалуу жана таң каларлык эч нерсе жок. Ошондуктан Кудай Өзү менен ант берет. Муну менен Ал: «Мага мүмкүн болушунча ишенишиңди каалайм» – деп айтып жатат. Эгерде мындан да көбүрөөгү мүмкүн болсо, Эврейлер 6:13-аятта айтылгандай, бизге ошол да берилмек. Анткени Кудай «Өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, Өзү менен ант берген».

Биздин Кудай мына ушундай. Ал сиздин Ага болгон туруктуу үмүтүңүздү дагы да бекемдеш үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Ошондуктан баш паанаңызды Кудайдан издеңиз. Бул дүйнөнүн бардык жалган жана кыйроого алып келүүчү үмүттөрүнөн баш тартып, Кудайга үмүт артыңыз. Кудайдай эч нерсе, эч ким бизге үмүт берүүчү баш панаа жана тирек боло албайт.

«Кудай ант бергенде» аттуу насаат сөздөн үзүндү.