22-ноябрь: Рухий жактан жетилүүнүн сыры

Jakshy Kabar Media

22-ноябрь: Рухий жактан жетилүүнүн сыры

Жон Пайперден насаат сөз

«Күчтүү тамак болсо акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн жеткилең адамдар үчүн».

Эврейлер 5:14

Бул аятта укмуш чындык бар. Аны байкабай калбаңыз, себеби ал сизди жашооңуздун көптөгөн жылдарын бекерге коротуудан сактайт.

Бул аяттын мааниси төмөнкүдөй: Эгерде сиз рухий жактан жетилип, Кудай Сөзүндөгү күчтүү тамак сыяктуу окутууларды түшүнүп, баалагыңыз келсе, анда Кудайдын Жакшы Кабарынын убадаларында камтылган, азыктандыруучу заттарга бай, баалуу сүт сиздин адеп-ахлак тууралуу түшүнүгүңүздү – рухий акылыңызды өзгөртүп, сизди жакшылык менен жамандыктын айырмасын билгенге жөндөмдүү кылышы керек.  

Муну башкача түшүндүрүп берейин. Кудайдын Сөзү менен азыктануу үчүн биринчи кезекте акылыбызды эмес, адеп-ахлагыбызды иштетишибиз керек. Эгерде сиз Сөздүн күчтүү тамагын жегиңиз келсе, анда рухий жактан акылыңызды өөрчүтүп, жамандык менен жакшылыкты айырмалай билгенди үйрөнүшүңүз керек. Бул үчүн акыл эле эмес, адеп-ахлак да керек.

Төмөнкү чындык сизди айран таң калтырышы мүмкүн: эгерде сиз Башталыш китеби менен Эврейлерге жазылган каттагы Малки-Садык ким экенин түшүнө албай кыйналсаңыз, мунун себеби сыналгыдан адепсиз берүүлөрдү көргөнүңүз болушу мүмкүн. Эгерде тандалуу тууралуу окутууну түшүнө албай кыйналсаңыз, мунун себеби ишкердигиңизде мыйзамсыз иштерди жасаганыңыз болушу мүмкүн. Эгерде Машаяктын айкаш жыгачтагы ишинин борборунда Кудай турганын түшүнө албай кыйналсаңыз, мунун себеби акчаны өтө көп сүйгөнүңүз жана сарптаганыңыз жана өтө эле аз кайрымдуулук кылганыңыз болушу мүмкүн.

Рухий жактан жетилүү жана Ыйык Китептеги күчтүү тамактарды жегенге жөндөмдүү болуу үчүн, биринчи кезекте акылдуу адам эмес, Кудайга тил алчаак адам болуу керек. Күчтүү ичимдикке, жыныстык катнашка, акчага, эс алууга, тамак-ашка жана компьютерге карата кандай көз карашка ээ болушуңуз жана башка адамдарга кандай мамиле кылышыңыз кайсыл мектептен билим алганыңыздан же кандай китептерди окуганыңыздан көз каранды эмес, Ыйык Китептеги күчтүү тамактарды кабыл алуу жөндөмүңүздөн көз каранды.

Бул чындык абдан маанилүү, себеби бүгүнкү күндө технология өнүккөн коомдо биз жетилген адам болуу үчүн билим – өзгөчө, акылдуу кылган билим керек деп ойлойт эмеспизби. Бирок илимдер доктору болсо да рухий жактан жетилбей, Кудайга тиешелүү нерселерге такыр тиши өтпөгөн адамдар көп. Тескерисинче, билими аз бирок рухий жактан өтө жетилген, Кудайдын Сөзүндөгү терең чындыктарды түшүнүп, алардан ырахат алуу менен азыктанган адамдар бар.

«Убакыт боюнча алып караганда, силер окутуучу болуп калышыңар керек эле» аттуу насааттан үзүндү.