21-ноябрь: Ыраазы болуу канчалык маанилүү?

Jakshy Kabar Media

21-ноябрь: Ыраазы болуу канчалык маанилүү?

Жон Пайперден насаат сөз

«Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор [болушат]».

2 Тиметей 3:1-2

Жакшылыкты билбөөнүн, б.а. ыраазы болбоонун менменсингендик, зомбулук жана баш ийбестик менен кандай байланышы бар экенин байкаңыз.

Башка бир жерде Пабыл: «Ошондой эле уятсыз, маңызсыз жана маскаралаган сөздөрдү сүйлөбөгүлө, мындай кылуу жарабайт, анын ордуна ыраазычылык билдиргиле», – дейт. (Эфестиктер 5:4). Демек, ыраазы болуу, жакшылыкты түшүнүү кастыктын жана зордук-зомбулуктун карама-каршысы болуп саналат.  

Себеби ыраазы болуу – текебер эмес, момун адамда боло турган сезим. Ыраазы болгон адам өзүн эмес, өзгөнү мактайт. Анын үстүнө, ыраазы болгон адам каардуу жана заар тилдүү болбой, кубанычтуу жүрөккө ээ. Ачуулануу жана ыраазычылык – бири-бирине карама-каршы келген сөздөр.

Каардан, кастыктан, башканы сыйлабастыктан жана зордук-зомбулуктан арылып, ыраазы болгон жүрөккө ээ болуунун сыры – Жаратуучу, Өмүр берүүчү, Кам көрүүчү жана Үмүт берүүчү Кудайга бекем ишенүү. Эгерде биз колубузда болгон жана үмүттөнгөн нерсенин баары үчүн Кудайга чоң карыздар экенибизге ишенбесек, анда жүрөгүбүздө ыраазычылык түп тамыры менен жоголот.

Ошондуктан мен акыркы күндөрдө зордук-зомбулуктун, Кудайга акарат келтирүүнүн, кастыктын жана баш ийбестиктин көбөйүүсү Кудайга тиешелүү маселе деген тыянак чыгарам. Мындай нерселердин тамыры – бул жүрөгүбүздүн түпкүрүндө Кудайдан көз каранды экенибизди түшүнбөстүк жана Ага терең ыраазы боло албастык.

Кудайга ыраазы болууну тоонун башынан аккан булактын суусуна окшоштурсак болот. Тоонун башындагы булактын өзү соолуп кала турган болсо, көп өтпөй төмөн жактагы суулар да соолуй баштайт. Ал эми ыраазычылык жоголгондо, өзүнө гана таянган адам ырахатка батуу үчүн, бузукулукка бара-бара көбүрөөк жол бере баштайт.

Момун жана ыраазы болгон жүрөккө кайра ээ болуу үчүн, Кудайдан чоң ойгонуу жөнөтүүсүн сурап сыйыныңыз.

«Зордук-зомбулук, кастык жана ыраазычылык» аттуу насаат сөздөн үзүндү.