20-ноябрь: Өлүм биз үчүн утуш экенине беш себеп

Jakshy Kabar Media

20-ноябрь: Өлүм биз үчүн утуш экенине беш себеп

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен үчүн өмүр – Машаяк, ал эми өлүм – утуп алуу».

Филипиялыктар 1:21

Өлүм кандайча «утуп алуу» болот?

1. Ал аркылуу биздин рухубуз жеткилеңдикке жетет.

«Силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын асмандагы Иерусалим шаарына, түмөндөгөн периштелерге, салтанаттуу чогулушка, ысымдары асмандагы китепке жазылган тунгучтардын Жыйынына, баарынын соттоочусу болгон Кудайга, жеткилеңдикке жеткен адилеттүүлөрдүн рухтарына... жакындап келдиңер» (Эврейлер 12:23-25).

Андан кийин биздин ичибизде эч кандай күнөө болбойт. Ичибиздеги күрөш токтойт; азыр бизди сүйгөн жана биз үчүн Өзүн берген Теңирди капа кылып, өзүбүздөн көңүлүбүз калып, жүрөгүбүз ооруса, кийин мындай болбой калат.

2. Бул дүйнөдөгү азаптардан бошонобуз.

Өлөр замат дароо эле кайра тирилүүнүн кубанычына бөлөнбөйбүз, бирок бул дүйнөдөгү азаптардан бошонобуз. Ыйса Лазар жана бай адам тууралуу окуя аркылуу биз өлгөндөн кийин жагдайыбыз өзгөрөрүн айтат.

«Ошондо ал [бай адам] болгон күчү менен: “Ыбрайым ата, мага ырайым кылып, Лазарды жиберчи, ал бармагынын учун сууга малып, тилимди сууласын, анткени мен бул жалындаган отто азап тартып жатам”, – деп кыйкырат. Бирок Ыбрайым ага: “Балам, сен өзүңдүн жакшы үлүшүңдү жашооңдо алганыңды, ал эми Лазар албаганын эстечи! Азыр болсо ал бул жерде сооронууда, ал эми сен азап чегүүдөсүң» (Лука 16:24-25).

3. Биздин жаныбыз чындап эс алат.

Кудайдын алдында жана Анын камкордугу астында биз бул дүйнөдөгү жан жыргаткан, жайында тыптынч көлдүн жээгинде эс алгандай эң бактылуу убактарда да ала албаган тынчтыкка бөлөнөбүз.

«Мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сөзү үчүн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү үчүн өлтүрүлгөн адамдардын жандарын көрдүм. Алар үндөрүн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: “Ыйык жана чыныгы Эгедер, качанкыга чейин сот жүргүзбөйсүң, качанкыга чейин биздин каныбыз үчүн жер үстүндө жашагандардан өч албайсың?” Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: “Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула”, – деп айтылды» (Аян 6:9-11).

4. Чыныгы үйүбүзгө жеткендей болобуз.

«Мына ушинтип кайраттан жазбай, өз денебизден ажырап, асмандагы үйүбүзгө, Эгебиздин алдына барууну эңсеп турабыз» (2 Корунттуктар 5:8, КИ).

Бүткүл адамзат өзү билбесе да, Кудайды сагынган абалда жашап жатат. Биз асмандагы үйүбүзгө, Машаяктын алдына барганыбызда, бул дүйнөдө эң коопсуз жана тынч жер бере албаган ыңгайлуулукка жана ырахатка ээ болобуз.

5. Биз Машаяк менен бирге болобуз.

Машаяк – бул дүйнөдөгү эч бир адам теңелгис сонун Инсан. Ал биз чогуу болгубуз келген эң акылдуу, күчтүү жана боорукер адамдардан да ажайып. Ал чексиз кызыктуу. Ал Өзүнүн конокторуна кубаныч тартуулоо үчүн качан эмне кылышты жана эмне дешти так билет. Анын сүйүүсү ашып-ташып тургандыктан, Ал Өзү сүйгөн адамдарды Өзүнүн сүйүүсүнө бөлөнтүү үчүн эмне кылуу керектигин толук билет. Ошондуктан Пабыл мындай дейт:

«Мен үчүн өмүр – Машаяк, ал эми өлүм – утуп алуу. Эгерде жердеги жашоом үзүрлүү эмгек менен коштолуп жатса, анда кайсынысын тандап алууну билбейм. Мен тигинисине да, мунусуна да тартылам. Бул дүйнөдөн кетип, Машаяк менен бирге болгум келет, анткени бул эң жакшы» (Филипиялыктар 1:21-23).

«Өлүм – биз үчүн чоң утуш» аттуу насааттан үзүндү.