19-ноябрь: Биз баарыбыз жардамга муктажбыз

Jakshy Kabar Media

19-ноябрь: Биз баарыбыз жардамга муктажбыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы».

Эврейлер 4:16

Биз баарыбыз жардамга муктажбыз. Биз Кудай эмеспиз. Биздин муктаждыктарыбыз жана алсыздыктарыбыз бар. Бизде дүрбөлөңгө түшкөн учурлар болот. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз көп жагынан чектелген. Бизге жардам керек.

Буга кошумча, ар бирибиздин дагы бир кемчилигибиз бар: ал – биздин күнөөлөрүбүз. Андыктан жүрөгүбүздүн түпкүрүндө биз муктаж болгон жардамды алганга татыксыз экенибизди билебиз. Ошондуктан эмне кылышты билбей айлабыз куруйт.

Мен өмүр сүргөнгө, өлүм көйгөйүн чечкенге жана түбөлүктүүлүккө даяр болуш үчүн жардамга муктажмын. Үй-бүлөмө, жубайыма, балдарыма, жалгыздыгыма, жумушума, ден-соолугума жана акча-каражатыма да тиешелүү жардамга муктажмын. Бирок өзүм муктаж болгон жардамды алганга мен татыксызмын.

Анда эмне кылсам болот? Бул чындыкты мойнума албай, эч кандай жардамга муктаж эмес жеткилең адамдай жашасам болот. Же болбосо өз муктаждыгымды унутуш үчүн, жыргалчылыкка берилип кетсем болот. Же болбосо үмүтсүздүккө моюн сунуп, жеңилип калсам болот.

Бирок Кудай ушундай үмүтсүз абалда калган мага төмөнкү кабарды жарыялайт: Ыйса Машаяк сени үмүтсүз абалдан чыгаруу үчүн, менменсинген жана өзүн жеткилең эсептеген сендей адамды момун кылуу үчүн жана чөгүп бара жаткан сендей байкушту куткаруу үчүн, Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп калды.

Чындап эле биз баарыбыз жардамга муктажбыз. Чындап эле эч кимибиз ал жардамды алганга татыктуу эмеспиз. Бирок үмүтсүздүккө алдырбашыбыз керек же муктаждыгыбызды мойнубузга албай менменсинип кетпешибиз керек же бузулган жашоого берилип кетпешибиз керек. Кудайдын сөзүнө кулак салыңыз. Биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар болгону үчүн, эми Кудайдын тактысы ырайым тактысы болуп калды. Ошол ырайым тактысынан биз жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым таба алабыз. Өзүбүз татыктуу болгон жардамды эмес, ырайым аркылуу берилген жардамды ала алабыз. Мына ошол себептен Башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйса Машаяк Өз канын төккөн.

Сиз айлаңыз куруган абалда эмессиз. Бул жалганды кабыл албаңыз. Биз жардамга муктажбыз, бирок ал жардамга татыктуу эмеспиз. Бирок ал жардамды алсак болот. Сиз азыр жана түбөлүккө ошол жардамга ээ болсоңуз болот. Бул үчүн сиз Башкы ыйык кызмат кылуучуну, Кудайдын Уулу Ыйсаны кабыл алып, Ага ишеним артып, Ал аркылуу Кудайга кайрылышыңыз керек.

«Ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы» аттуу насааттан үзүндү.