18-ноябрь: Кудайдын тирүү, таасирдүү жана курч Сөзү

Jakshy Kabar Media

18-ноябрь: Кудайдын тирүү, таасирдүү жана курч Сөзү

Жон Пайперден насаат сөз

«Себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт».

Эврейлер 4:12

Кудайдын Сөзү – биздин жалгыз үмүтүбүз. Кудайдын убадаларын жана сот жөнүндөгү эскертүүлөрүн камтыган Жакшы Кабар ушунчалык курч, тирүү жана таасирдүү болгондуктан, жүрөгүбүздүн түпкүрүнө чейин жетип, күнөөнүн жалгандарынын бетин ачып көрсөтө алат.

Бойдон алдыруу мага бактылуу келечек бербейт. Жубайымдын көзүнө чөп салуу же эркектерди азгыра тургандай кийинүү же жыныстык тазалыкты жоготуу же жумушта алдамчылыкты көрмөксөнгө салуу же ажырашуу же өч алуу мага жаркын келечек бербейт жана мени бактылуу кылбайт. Ал эми мындай нерселерге алдануудан мени Кудайдын Сөзү сактайт.

Кудайдын убадаларын камтыган Сөз күн чыкканда кенен ачылып, караңгы бөлмөгө күндүн таңкы шооласын төктүргөн жана күнөөнүн жалган ырахат берген ыпылас иштерин жарыкка чыгарган чоң терезе сыяктуу. Жүрөгүңүздү катуулантканга аракет кылган, өз азгырыктары менен аны Кудайдан алаксытып, туңгуюкту көздөй жетелеген күнөөнүн күчтүү азгырыктарынан сактоо үчүн, Кудай бизге Өз Жакшы Кабарын, Өз убадаларын жана Өз сөзүн берген.  

Ишенимди сактоо үчүн болгон күрөштө көңүлүңүз көтөрүңкү болсун. Себеби Кудайдын Сөзү тирүү, таасирдүү жана ар кандай кош миздүү кылычтан курч. Күнөө өзүнүн жалганын жан-дүйнөңүздүн кайсыл жерине катпасын, Сөз андан да терең таасир берип, эмне чындап баалуу, эмне ишенимге жана сүйүүгө арзыганын көрсөтөт.

«Кудайдын Сөзү тирүү, тассирдүү жана курч» аттуу насааттан үзүндү.