17-ноябрь: Өзгөрүлүү мүмкүн

Jakshy Kabar Media

17-ноябрь: Өзгөрүлүү мүмкүн

Жон Пайперден насаат сөз

«[Силер Андан] чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин үйрөнгөнсүңөр».

Эфестиктер 4:24

Машаякчылыкта өзгөрүлүү – болгондо да түп тамырынан бери өзгөрүлүү мүмкүнчүлүгү бар. Мурун таш боор жана ырайымсыз болгон болсок, эми боорукер жүрөккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Таарыныч жана ачууга алдырганды токтотуу мүмкүнчүлүгү бар. Мурунку жашообуз кандай гана болгон болсо да, эми сүйүүгө толгон адам болуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Ыйык Китеп биз ким болушубуз керек болсо, ошондой болуп өзгөрүлүшүбүз үчүн, эң негизги ишти Кудай кыларын айтат. Ыйык Китептеги «Бардык жаман нерселерден арылгыла» жана «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула» деп түз эле айтылган сөздөр жанды жыргатат (Эфестиктер 4:31-32). Ыйык Китеп «Колуңардан келсе…» же «Ата-энеңер боорукер болгон болсо…» же «Өзүңөр мурун катуу зордук-зомбулукка кабылбаган болсоңор» деген шарттарды айтпайт, жөн эле «Боорукер болгула» деген буйрук берет.

Бул чындык бизге укмуш эркиндик берет, б.а. «мен өзгөрүлө албайм, маңдайыма ушундай тагдыр жазылган» деген өтө жаман көз караштан бошотот. Бул чындык мени «кандай чөйрөдө чоңойгон болсом, тагдырым ошого ылайык болот» деген көз караштан да бошотот.

Кудай Өз осуяттары менен кошо дайыма эркиндик берүүчү жана жашоону өзгөртүүчү чындыкты да берет. Мисалдарды карап көрөлү:

  • Кудай бизди Өзүнө бала кылып алды. Эми биздин жаңы Атабыз жана жаңы үй-бүлөбүз бар. Бул чындык «кандай үй-бүлөдө чоңойсоң, тагдырың ошого ылайык болот» деген түшүнүктүн терс таасирин талкалайт. «Жер үстүндө эч кимди “Ата” дебегиле, анткени силердин бир гана Атаңар бар, Ал – асмандагы Атаңар» (Матай 23:9).
  • Кудай бизди Өз балдарындай сүйөт. Биз Анын сүйүктүү балдарыбыз (Эфестиктер 5:1). Кудайдын сүйүүсүн тууроо жөнүндөгү осуят курулай берилген осуят эмес; аны менен кошо күч да берилет: «Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла». «Сүйүү» деген осуят болсо, «сүйүктүү балдар болуу» ошол осуятты аткарганга күч берет.
  • Кудай бизди Машаякта кечирди. «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле» (Эфестиктер 4:32). Кудай Машаякта өтө чоң нерсени ишке ашырды. Ал нерсе өзгөрүлүүгө жол ачты. Боорукер болуу деген осуятка себеп болгон нерсе – биздин ата-энебиз бизге кандай мамиле жасаганы эмес, Кудай биз үчүн эмне жасаганы. Мындай осуят өзгөрүлүү мүмкүн экенин билдирет.
  • Машаяк бизди сүйүп, биз үчүн Өзүн курмандыкка берди. «Машаяк бизди сүйгөндүктөн, биз үчүн Өзүн… курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө» (Эфестиктер 5:2). Бул осуят жашоону өзгөртүүчү чындык менен кошо берилет. «Машаяк бизди сүйгөндүктөн…». Кандайдыр бир жагдайда бирөөнү сүйүш керек болсо, бирок кайсы бир үн: «Сен мээримсиз адамсың», – деп шыбыраса, сиз: «Машаяктын сүйүүсү мени жаңы адам кылды. Анын мага берген сүйүү жөнүндөгү убадасы аткарылары канчалык чын болсо, Анын сүйүү осуятын аткара алышым да ошончолук мүмкүн», – деп жооп бериңиз.

Маңдайыңызга эмне жазылса, ошондой болот деген наадандык көз карашка ишенбеңиз. Машаякка ишениңиз. Өзгөрүлүү мүмкүн. Кудай тирүү. Машаяк тирилген. Анын убадалары – чындык.

«Кудайдын бардык осуяттарын Анын күчү менен аткара алабыз» аттуу насааттан үзүндү.