16-ноябрь: Тынчсызданууга алдырганда

Jakshy Kabar Media

16-ноябрь: Тынчсызданууга алдырганда

Жон Пайперден насаат сөз

«Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт».

1 Петир 5:7

Бизди азгырган ар бир күнөөгө жана капысынан кол салып, түйшүк тарттырган ишенбестиктин ар бир түрүнө туура келген өзүнчө бир убадалар бар. Мисалдарды карап көрөлү:

Мен ооруу-сыркоо жөнүндө ойлонуп тынчсызданганымда, ишенбестикке каршы төмөнкү убада менен күрөшөм: «Адил адамдын кайгысы көп, бирок Теңир аны бардык кайгысынан куткарат» (Забур 33:20). Бул убаданы толкундануу менен эстейм, себеби «кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз. Ал эми үмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн» (Римдиктер 5:3-5).

Карып бара жатканымды ойлоп тынчсызданганымда, ишенбестикке каршы төмөнкү убада менен күрөшөм: «Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин силерди Мен көтөрүп жүрөм. Мен жараттым, ошондуктан силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм» (Ышайа 46:4).

Өлүм жөнүндө ойлоп тынчсызданганымда, ишенбестикке каршы төмөнкү убада менен күрөшөм: «Анткени эч кимибиз өзүбүз үчүн жашабайбыз жана эч кимибиз өзүбүз үчүн өлбөйбүз. Жашасак, Теңир үчүн жашайбыз. Өлсөк, Теңир үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да Теңирдикибиз. Машаяк өлгөндөрдүн да, тирүүлөрдүн да Теңири болуш үчүн, өлүп кайра тирилген» (Римдиктер 14:7-9).

Ишенимим кыйроого учурап, Кудайдан четтеп кетер бекем деп тынчсызданганымда, ишенбестикке каршы төмөнкү убадалар менен күрөшөм: «Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машаяктын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем» (Филипиялыктар 1:6); «Ошондуктан Ал Өзү аркылуу Кудайга келгендердин баарын толук куткарат. Ал түбөлүк тирүү болгондуктан, алар үчүн арачылык кылат» (Эврейлер 7:25).

Ошондуктан башка адамдарга каршы эмес, өзүбүздүн ишенбестигибизге каршы күрөшөлү. Ишенбестик – тынчсыздануунун тамыры, ал эми тынчсыздануу өз кезегинде башка көптөгөн күнөөлөргө себеп болот.

Ошондуктан Кудайдын абдан кымбат жана улуу убадаларына бекем ишенели. Ыйык Китепти колубузга алып, Ыйык Рухтан жардам сурап, жүрөгүбүздө Анын убадаларын бекем сактайлы жана жакшы күрөшүбүздү уланталы. Ошондо келечектеги ырайымга болгон ишенимибизди сактап жашай алабыз.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 59-бет.