14-ноябрь: Жаратуу керемети

Jakshy Kabar Media

14-ноябрь: Жаратуу керемети

Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок кимдир бирөө: “Өлгөндөр кантип тирилишет? Алардын тирилгенден кийинки денеси кандай болот?” – дейт чыгар. Акылсыз! Сепкен уругуң өлбөсө, өнүп  чыкпайт. Буудай себесиңби, башканы себесиңби, сен өсүмдүктүн өзүн эмес, уругун эле себесиң. Кудай ар бир өсүмдүккө Өзү каалагандай түр берет, ар бир уруктун денеси ар башка болот».

1 Корунттуктар 15:35-38

Мен Ыйык Жазууда Кудайдын жаратылыш менен болгон тыгыз байланышын жана анын иштерине түздөн түз катышуусун көрсөткөн майда-чүйдө аяттарга көңүл буруп келем. Мисалы, 1 Корунттуктар 15-бөлүм 38-аятта Пабыл урук себилгенде, ошол урук өзү эмес, өсүмдүк өсүп чыгарын жана анын башка эч бир денелерге окшобогон «денеси» бар экенин айтат: «Кудай ар бир өсүмдүккө Өзү каалагандай түр берет, ар бир уруктун денеси ар башка болот (Түп нускада Ал үрөндөрдүн жалпы «түрлөрүнө» ар кандай дене берери эмес, ар бир урукка ар башка дене берери айтылган).

Бул – укмуш жарыялоо, себеби кеп Кудай жаратылыш менен тыгыз байланышта болуп, (уруктардын түрлөрүнөн эле эмес) ар бир жеке уруктан өзүнчө кайталангыс өсүмдүк өсүп чыга тургандай кылары жөнүндө болуп жатат!

Пабыл бул жерде эволюция жөнүндө окутуп жаткан жок, Кудайдын жаратылыштын ишине түздөн түз катышуусун кадимки нерсе катары эсептерин көрсөтүп жатат. Пабыл Кудайдын катышуусу жок өзүнөн-өзү кандайдыр-бир жаралуу процессин элестете албары анык.

Буга кошумча, 93-забурдун 9-аятында: «Кулакты берген Кудай укпайт бекен? Көздү берген Кудай көрбөйт бекен?» – деп айтылат. Забурчу көздү Кудай жараткан жана кулакты угуу функциясын аткарсын деп башыбызга жайгаштырган деп эсептейт.

Демек, биз адамдын көзүнүн кереметтүү ишине жана кулактын укмуштуудай түзүлүшүнө суктанганыбызда, кокусунан болгон жаралуу процесстерине эмес, Кудайдын акылына, чыгармачылыгына жана күчүнө суктанышыбыз керек.

Ошондой эле, 94-забурдун 5-аятында: «Деңиз да Аныкы, деңизди Ал жараткан, кургактыкты да Анын колдору жараткан», – деп жазылат. Теңир кургактыктын жана деңиздин жаралышына ушунчалык түздөн түз катышкандыктан, азыркы деңиздер Ага тиешелүү болуп саналат.

Ал миллиарддаган жылдар мурун, Өзү жеке катышпай туруп кандайдыр бир жол менен жаратылыш процессин кыймылга келтирген эмес. Тескерисинче, Ал баарын Өзү жасагандыгы үчүн, баарына ээлик кылат. Бүгүнкү жаратылыштын бардыгы Анын колунан жаралган нерселер болуп саналат жана өз Жаратуучусу болгон Анын мөөрүн алып жүрөт. Муну кайсыл бир сүрөттүн өзүнүн авторуна таандык болгонуна салыштырсак болот.

Мен бул нерселерди бул дүйнө кантип жаралганы тууралуу көптөгөн талаш-тартыштарды чечүү үчүн эмес, сизди бул дүйнөнүн кереметтерине байкоо жүргүзгөнүңүздө жана аларга суктанганыңызда, Кудай жөнүндө терең ой жүгүртүп, Аны даңктоого жана бүт көңүлүңүздү Ага бурууга чакыруу үчүн айтып жатам.

«Жол боюндагы ирис гүлү» аттуу насааттан үзүндү.