13-ноябрь: Жүрөгүңүздү катуулантпаңыз

Jakshy Kabar Media

13-ноябрь: Жүрөгүңүздү катуулантпаңыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Алар Менин бейпил жайыма киришпейт, – деп, баш ийбегендерге каршы ант бербегенде, анан кимге каршы ант берди эле? Ошентип, биз алардын ишенбестиктен улам кире албагандыгын көрүп турабыз».

Эврейлер 3:18–19

Ысрайыл эли Кызыл деңиздин экиге бөлүнгөнүн көрүп, деңизден кургак жерден өткөндөй өтсө да, суусаган кезде, Кудайга каршы жүрөгүн катуулантып, Анын кам көрөрүнө ишенбей койгон. Эл Кудайга каршы наалып, Мисирдеги жашоосу алда канча жакшы болгонун айткан.

Эврейлерге жазылган кат ушундай нерсе кайталанбашы үчүн жазылган. Өзүн машаякчымын деп атаган адамдардын канчасы Кудай менен жаңы жашоону башташып, күнөөлөрүнүн кечириле тургандыгын, тозоктон кутулуп, бейишке кире алыша тургандыгын угушканда: «Мен эмне жоготмок элем? Ишенем», – деп айтышат.

Бирок андан бир жума, бир ай же бир жыл же он жыл өткөндөн кийин, чөлдөгү суусуз мезгилдин сыноосу келгенде, манна жегенден тажаганда, Сандар 11:5–6-аяттарда айтылгандай, Мисирдин убактылуу жыргалчылыгына болгон кумарлары акырындык менен күчөйт: «Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, коон, пияз, көк пияз, сарымсак эсибизден кетпейт. Азыр болсо алыбыз кетип баратат, маннадан башка жегенге эч нерсе жок».

Машаяк, Анын сөзү, сыйынуу, табынуу, Жакшы Кабар таратуу жана Кудайдын даңкы үчүн жашоо бизди кызыктырбай калса, тескерисинче, бул дүйнөнүн убактылуу жыргалчылыктары Рухтун берген нерселерине караганда жагымдуу болуп калса, анда бул өтө коркунучтуу абал.

Эгерде сиздин абалыңыз ушундай болсо, анда Ыйык Рухтун бул аят аркылуу айтып жаткан сөзүнө кулак салышыңызды өтүнөм: «Алар ишенбестиктен улам кире алышкан эмес». Кудайдын сөзүнө кулак салыңыз. Жүрөгүңүздү катуулантпаңыз. Ойгонуп, күнөөгө азгырылып бара жатканыңызды байкаңыз. Биздин улуу Элчибиз жана Башкы ыйык кызмат кылуучубуз Ыйсаны карап, ачык тааныган ишенимиңизди жана үмүтүңүздү бекем тутуңуз.

Эгерде сиз али Кудай менен сапарыңызды баштай элек болсоңуз, анда Ага үмүт артыңыз. Күнөөдөн жана өзүңүзгө таянуудан баш тартып, улуу Куткаруучуга ишеним артыңыз. Бул нерселер сизди ишенсин, чыдасын жана жашасын деп жазылган.

«Кыйынчылык күндөрдө жүрөгүңүздү катуулантпаңыз» аттуу насаат сөздөн үзүндү.