12-ноябрь: Шайтан Кудайга кантип кызмат кылат?

Jakshy Kabar Media

12-ноябрь: Шайтан Кудайга кантип кызмат кылат?

Жон Пайперден насаат сөз

«Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер».

Жакып 5:11

Бардык ооруу сыркоолордун артында Кудайдын эң жогорку эрки турат. Буга шайтандын тиешеси жок деп да айта албайбыз, анткени ал дайыма өзүнүн кыйратуучу максаттарын ишке ашыруу үчүн, кандайдыр бир жол менен кийлигишип турат (Элчилердин иштери 10:38). Бирок анын күчү чечүүчү мааниге ээ эмес. Ал Кудайдын уруксатысыз эч нерсе жасай албайт.

Аюбдун дартка чалдыгуусунун себептеринин бири да ушул болчу. Муну төмөнкү аяттан ачык көрсөк болот: «Шайтан, Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптатты» (Аюб 2:7). Аялы аны Кудайга акарат келтирүүгө үндөгөнүнө карабастан, Аюб: «Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – дейт (Аюб 2:10). Бул китептин таасирленген автору, (1:22-аятта айткандай): «Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок», – деп, Аюбду кайрадан мактайт.

Башкача айтканда, мына ушул нерсе Кудайдын шайтандын үстүнөн болгон бийлигине карата болгон туура көз караш. Шайтан чындап эле бар жана биздин кыйынчылыктарыбызга анын тиешеси бар болушу мүмкүн, бирок акыркы жана чечүүчү жыйынтык анын колунда эмес.

Кудай Аюбдун бардык азап-кайгыларында жакшы максатты көздөгөнүн Жакып ачык айткан: «Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер» (Жакып 5:11).

Демек, шайтандын бул иштерге тиешеси болгонуна карабастан, акыркы чечим Кудайдын колунда болгон жана ал «ырайымдуу жана боорукер» чечим болгон.

Ушундай эле сабакты 2 Корунттуктар 12-бөлүм 7-аяттан алсак болот. Ал жерде Пабыл өзүнүн денесин тикенек сыяктуу кыйнап туруу үчүн «шайтандын бир периштеси» жиберилгенин, бирок ал периште Пабыл ыйыктыгын жоготпошу үчүн, б.а. менменсинип кетпеши үчүн жиберилгенин айтат. «Өзгөчө аяндарды алгандыгымдан улам менменсинип кетпешим үчүн, менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим үчүн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди!»

Бирок шайтандын максаты бизди момун кылуу эмес. Бизди момун кылуу бул – Кудайдын максаты. Демек, Кудай Пабылдын жашоосунда Өзүнүн жакшы максаттарын ишке ашыруу үчүн шайтанды колдонгон. Чындыгында, шайтан Кудайдын тандап алган балдарын жок кыла албайт. Акырында Кудай анын бардык куралдарын биздин пайдабызга жана анын өзүнө каршы колдонот.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү, 341-бет.